Lutfilla Busurmankul Uulu
@lutfilla_busurmankul_uulu
Lutfilla Busurmankul Uulu

Подписчики: 152340
Посты: 669
Подписки: 10
🤵Шоумен 🤝Тамада 📝Продюсер 🎬Режиссёр 📺Теле алып баруучу 🎙Ырчы 📩Менеджер ☎0772787843
Загрузка...
Кудайберди Айтбосунов менен иштешкениме быйыл 5 жылдын жүзү болот экен. Ооба, сыйлашып жүргөнүбүзгө эмне жетсин. Арабыздан жакшы жаман күндөр көп эле өттү. Бирок,тарбияны мыкты берген үй бүлөнүн баласы болгон үчүн ортобуздагы пикир келишпеген күндөрүбүз эч кимге маалым болгон жок. Ич ара чечип алып жүрдүк, ортодо кара ниет адамдар канча жолу уруштурганга аракет кылышты. Бирок жыйынтык экөөбүздө болгондуктан, минтип ата-энелерибиз менен катташып жана да жакшылыктарыбызга күбөө болуп келебиз! Кудайберди сени тарбиялаган ата-энеңе рахмат! Жолуң жакшы, үн десен үнүң бар. Сахнада өз күйөөрмандарыңды таап жаркылдаган Кыргыздын жылдызы болуп жүрө бер! Биздин үй бүлө жана команда сени менен сыймыктанабыз! Дагы да зоболоң бийиктей берсин! Сен айткандай балдарыңдын тоюнда төрүңдүн коногу болуп журо берели! Сага ыраазымын 🙏 Кудайберди+Айчүрөк💑👨‍👩‍👧‍👦 @kudaiberdi_aitbosunov

Загрузка...
1974   112   28310
28.08.2020 г.Ош
Бул боз үй сенин тоюңа тигилсе кана...😪😪 Ушул боз үйдө шарактаган шаң, күлкү,жакшы маанай чыкса сонун болмок😔😔... Тескерисинче сенин апандын карылдап ыйлаган үнү, канатымдан айрылдым, мураскорум,жүрөгүм деп боздогон үн... Ичине кирсең кадимки Гулшайыр эжем көк жоолук салынып ботодой боздоп олтурат. Ушул көрүнүштү көргөндө: Энени баладан, баланы энеден ажыратпасын деген сөз чын экен дейсиң! Эженин жаныдагы дарыларды көрсөң аптека болуп кеткенби дейсин, издеген дарын чыгат. Таш боор тагдыр, талкаланган максат, боз үйдөгү армандуу көздөр, Эркинди жоктоп кайгырган жакындарынын жашыган коздору, куйтко куйуп өңүмбү- түшүмбү деп олтурган Гулшайыр эжемдин абалын айтпасамда белгилүү...🥺 Кайран иним эмнеге шаштың? Апамды кубандырам деген тилегин кана..? Эми ушунтип куйутко салып кеттин. Сени өтө ордуң билинип,козумдон жаш тыйылбай ар бир созунду эстеп, жан дуйном эншерилип жатат. Бейишиң берсин! Айла жок иним, чон атадай создорунду кыраакы мамилене тан барип, адамдык бийик сапатын менен журогумдо калдын... Кош, кош! Айла жок иним...