Максат Надырбеков
@maksat_nadyrbekov
Максат Надырбеков

Подписчики: 58850
Посты: 752
Подписки: 132
Ведущий. 🎙 Тамада. 🎙 Тренер по личностному росту. По вопросам обр. 0705 595589 Ютуб каналга катталабыз достор 👇👇👇
https://youtu.be/BKfE-igovwU


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
193  
02.10.2019
Ак-Талаа эли акимдикке сунуштап жаткан АСАНАЛИЕВ САМАТТЫН ӨМҮР БАЯНЫ: Асаналиев Самат Асаналиевич 1987-жылы 11-июнда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган. 1994-жылы Баетов айылындагы Кара-Суу орто мектебине 1-классына кирип, ошол эле орто мектепти 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган. Мектеп парламентинде “Президент” болуп коомдук иштерде активдүү катышып, окуучулар арасында лидер болгон. Билими 2005-жылы Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырып, Экономист-менеджер квалификациясына ээ болуп, 2010- жылы бул жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктаган. Коомдук иштерде активдүү катышып, “Студенттер кеңешинин” төрагасы болуп иш алып барган. 2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде квалификацияны жогорулатуу жана тынымсыз билим алуу борборунда “Юриспруденция” кесиби боюнча “юрист” квалификациясынын жогорку билиминин ээси болгон. Эмгек жолу 2011-жылы 24-январында Бишкек шаардык мэриясына караштуу Ленин райондук администрациясынын Билим берүү борборуна “экономист” болуп эмгек жолун баштаган. Аталган мекемеде тендер боюнча негизги адистик жумушун 2013-жылдын январь айына чейин кошумча аткарып келген. 2013-жылдын 8-январынан тартып ушул эле мекемеде “Экономика бөлүмүнүн” башчысы болуп дайындалган. 2013-жылдын апрель айынан тартып Бишкек шаарына караштуу Свердлов районун финансы бөлүмүнүн адиси болуп иш алып барган. 2014-жылдын июнь айынан октябрь айына чейин Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун финансы бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенген. 2014-жылдын октябрь айынан тартып ОсОО “Аза унверсал компани” фирмасында финансы директору болуп, иш алып барган. 2016-2017-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын “Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башакармалыгынын жетектөөчү адиси жана ошол эле мекеменинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаарындагы Октябрь районунун башкармалыгында башкы адис болуп иштеп жатат. 2019-жылдын февраль айынан тартып “Жаштар парлементинин” спикери. Ошондой эле Ак-Талаа районун жаштарынын демилгеси менен түзүлгөн «Ак-Талаа биримдиги» коомдук биркмесинин төрагасы.
Загрузка...