Bishkek, Kyrgyzstan
Бүгүн эртең менен уккан жаман кабар кабыргамды кайыштырып, жүрөгүмдү сыздатты. Орто Азия мусулман журтчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. Казак элинин кайраттуу кулуну, эли-жери дегенде ичкен ашын таштаган, казак калкынын жана жалпы эле мусулман үммөтүнүн камы түн уйкусун бузган, дааваттын алпы, минбардын көркү, аалым, устат Абдугапар Сманов досубуз дүйнөдөн өттү.
Абдугапар Смановду аалым, дин таратуучу, мыкты кутпа айтуучу катары бир эле Казак эли эмес, бүт Орто Азия жакшы билет. Бирок, мен аны жүрөгүндө жалы бар эр жүрөк, алдуу-күчтүүдөн, акчалуудан, башчыдан, падышадан тайманбаган, мусулман үммөтүнүн келечегине жан дили менен күйгөн, болуп жаткан терс көрүнүштөргө жаны ачышып, чындап кыжалат болгон, чыныгы ыймандуу мусулман катары баалап, сыйлачумун. Аллах Тааланын: “Момундардын арасында (ушундай) эр-азаматтары бар: алар Аллахка берген убадасында чынчыл экенин көрсөтүштү. Кээ бирлери милдетин аткарып (шейит) кетишти. Кээ бирлери (шейиттикти) күтүүдө. Алар (Аллахка берген) убаданы бузбады” مِّنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ ۖ فَمِنْهُم مَّن قَضَىٰ نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ ۖ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا (23)– سورة الأحزاب деген аятында дал ушундай динге күйгөн ыймандуулар тууралуу сөз болгон.
Хасан ал-Басири айткан: “Аалым дүйнөдөн өтсө, орду бош калат. Канча күн чыгып, канча түн кирбесин ал боштук кайра толбойт”. مَوْتُ الْعَالِمِ ثُلْمَةٌ فِي الْإِسْلَامِ لَا يَسُدُّهَا شَيْءٌ مَا اخْتَلَفَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ Кылымда бир келчү көк жал устаттын орду бош калганына баарыбыздын жүрөгүбүз сыздап турат. Айла жок, тагдырга баш ийебиз Аллахка жага турган гана сөздөрдү айтабыз.
Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтабыз. إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّآ إِلَيْهِ رَٰجِعُونَ Боордош Казак элине, Абдугапар досубуздун сөзүн угуп, насааттарынан сабак алган жалпы мусулман бир туугандарыма, үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакын санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Өзү өтсө да сөзү өчпөгөн, өзү өчсө да изи өчпөгөн досубуздун...
(уландысы комментарийде) #кыргызстан🇰🇬 #казакстан🇰🇿