11873 161
12.04.2020
Bishkek, Kyrgyzstan
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен!
إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ (Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтабыз)
Тээ союз учурунан тартып бүгүнкү күнгө чейин дин жаатында талыкпай эмгектенип, балдарды окуткан, учурдагы белгилүү аалымдардын көбүнүн устаты, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын ишине жана өлкөбүздөгү диндин өнүгүүсүнө чоӊ салымын кошкон аалым Мухаммад Хабибулла устаздын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу өзүмдүн жана Кыргызстан Ислам университетинин жамаатынын атынан анын үй-бүлөсүнө, жакындарына, шакирттерине жана бир тууган дарген элине тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтам.
Алла Таала устаздын билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип, акыретин абад кылсын. Өмүр бою жасаган жакшы иштеринин сооп-сыйын арттырып, эсеп-кысабын жеӊил кылсын. Кабырын нурдуу, түбөлүктүү жайын бейиш кылсын.
Артында калгандарга сабыр берип, урук-урпагынан устаздын жолун жолдогон илим-билимдүү, элге-журтка пайдасы тийген инсандарды чыгарсын.
اللَّهُمَّ اغْفِرْ لَهُ وَارْحَمْهُ وَعَافِهِ وَاعْفُ عَنْهُ وَأَكْرِمْ نُزُلَهُ وَوَسِّعْ مُدْخَلَهُ وَاغْسِلْهُ بِالْمَاءِ وَالثَّلْجِ وَالْبَرَدِ وَنَقِّهِ مِنَ الْخَطَايَا كَمَا نَقَّيْتَ الثَّوْبَ الأَبْيَضَ Абдишүкүр Нарматов.
#www_nasaat_kg #wwwnasaatkg
#устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов атов #атаэне #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #nasaatkg @nasaat.kg