Abdishukur_Narmatov️️
@nasaat.kg
Abdishukur_Narmatov️️

Подписчики: 1667319
Посты: 2981
Подписки: 0
Шейх Абдишүкүр Нарматов. КИУнун Ректору.Эскертүү, суроо-жооп болбойт.❌ Ютуб каналыбызга катталсаныздар болот... 👇🏻
https://www.youtube.com/user/ruspatriotkg


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
13243   43   119683
16.03.2020
Мээримдуу жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ар бир абалды Башкаруучу жана Билуучу Аллах Таалага мактоолор болсун, Пайгамбарыбыз Мухаммад (алайхис-саламга салам жана салаваттар айтылсын). Урматтуу мекендештер, ушул жылдын 28-мартында Москва шаарындагы “Крокус сити холл” залында өтө турган "Мен киммин?" аталыштагы чон масштабдагы иш чаранын өтүү мөөнөту куз айларына жылдырылгандыгын сиздерге эскертебиз жана бул үчүн сиздерден кечирим сурайбыз. Иштин баары биздин оюбуздагыдай эмес, Аллахтын каалоосундагыдай болорун учурда болуп жаткан көп иштер бизге дагы бир жолу айгинелеп берди. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан бул абал Аллахтын каалоосу жана сыноосу экенин эсибизден чыгарбообуз керек. Албетте, бул иш чара токтотулган жок, болгону мөөнөтү жылдырылды, андыктан, Аллах буйруса, сиздер менен жолугарыбыз анык. Иш чаранын өтө турган көнө тууралуу кошумча маалыматтар берилет. Дагы бир жолу сиздерден кечирим суроо менен баарыңыздарга тынчтык, бейпил жашоо жана бекем ден-соолук тилеп Абдишукур Нарматов жана Чубак Жалилов. @nasaat.kg #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов атов #атаэне #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #wwwnasaatkg #nasaatkg @nasaat.kg @nasaatmedia @alyautdinovildar @dum.moscow
13234   92
13.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
РАМАЗАН АЙЫНЫН ЖЫЙЫРМАСЫ. @nasaat.kg Рамазан айынын акыркы он күндүгү баарыбызга берекелүү болсун. Ушул күндөрдө Аллах Таала бизге бекем ден-соолук берип, кылган ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Бизге мээримин, кечиримин жаадырып, тозок отунан кутулуучулардын катарына кошсун. Рамазан айынын ар бир түнү Аллах Таала тозоктон азат кылуу үчүн көп адамдарды тандап алат. О, асмандар менен жерди жараткан кудурети чексиз Аллахым! Менин, ата-энемдин, бир-туугандарымдын, үй-бүлөмдүн, жакындарымдын, кошуналарымдын, жоро-жолдошторумдун, бардык тааныштарымдын, ушул дубаны окуп жаткан мусулман эркек жана мусулман аялдардын баарынын ысымын тозок отунан азат кылынгандардын катарына кошо көр! Кадыр түн Рамазан айынын акыркы он күнүнүн так түндөрүнө катылган. Кадыр түндү табуу үчүн, төмөнкү так түндөрдү ибадат, намаз, дуба, зикр менен өткөрүү зарыл. Түн, Шам намазынын убактысы киргенде башталып, багымдат намазынын убактысы киргенде бүтөт. Шаршемби: Рамазандын 20-күнү, 21-түнү. Жума: Рамазандын 22-күнү, 23-түнү. Жекшемби: Рамазандын 24-күнү, 25-түнү. Шейшемби: Рамазандын 26-күнү, 27-түнү. Бейшемби: Рамазандын 28-күнү, 29-түнү. Ушул куттуу түндөрдө окулуучу үч дуба бар. Ким ушул дубаларга бекем болсо, тилеги орундалат. 1. "Аллохумма иннака афуввун кариимун, тухиббул афва фаъфу аннаа". Мааниси: "О, Аллахым! Сен Кечиримдүү жана Берешенсиң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Биздин күнөөлөрүбүздү кечире көр!". Бул, Пайгамбарыбыз Айша энебизге үйрөткөн дуба. 2. "Аллохумма иннаа насалукал хусна ва зийаадатан". Мааниси: "О, Аллахым! Биз Сенден бейишти жана бейиште Өзүңө жолугуп, нурлуу Жамалыңды көрүүнү сурайбыз". 3. "О, Аллахым! Бизди кадыр түнгө туш кыла көр. Жана миң айдан артык болгон кадырлуу кечеңдин кадырына, берекесине туш болууну насип кыл!" Эскертүү, макалага алымча-кошумча кылып өзгөртүүлөрдү кийрибеңиздер, жана автордун укугун бузуп, шилтемлереди да өзгөртпөңүздөр… Бул макала Nasaat.kg сайтына гана тийешелүү. #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #кадыртүн #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #iftar ##рамазан #орозо #кадыртун #nasaatkg @nasaat.kg
Загрузка...
12729  
19.02.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
‎‏Бисмиллахир-Рохманир-Рохиим. ‎“‏Атын атаса, куту сүйүнөт” дейт, баласы ийгилик жаратса, атасына чоӊ бакыт экенин бүгүн дагы бир жолу сездим. Улуу уулум Имран Египеттеги «Кахила» Куран окуу борборунан Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бери уланып келе жаткан Куранды так, окшош аяттарды ажыратып, туура окуу боюнча Ижазага ээ болду. Эми ал дагы башкаларды окутуп, татыктууларына Ижаза бергенге укуктуу. ‎‏Баламдын чынжыры уланып отуруп Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) чейин жеткен Куран окуунун тартибин толук өздөштүрүп бүткөнү мени катуу кубантты. «Атасы коӊуз атпагандын баласы доӊуз атат» деген сөз бар. Ылайым, уулум мен жетпеген, мен ала албаган илим-билимге ээ болуп, диниме, эли-журтума мен аткара албаган кызматтарды аткаруусун Аллахым насип кылсын. Мындан аркы окуусуна, ишине Аллахым ийгилик берип, ата-энесинин бактысына бар болуп, дайыма диндин, элдин кызматында болуусун Аллахтан тилейм! ‎‏Абдишүкүр Нарматов. @i.islambekov @nasaat.kg #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов атов #атаэне #дуба #дуа #тахаджуд #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #kuran #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #новости #wwwnasaatkg #nasaatkg @nasaat.kg @i.islambekov