Abdishukur_Narmatov️️
@nasaat.kg
Abdishukur_Narmatov️️

Подписчики: 1667319
Посты: 2981
Подписки: 0
Шейх Абдишүкүр Нарматов. КИУнун Ректору.Эскертүү, суроо-жооп болбойт.❌ Ютуб каналыбызга катталсаныздар болот... 👇🏻
https://www.youtube.com/user/ruspatriotkg


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
19093   154
22.03.2020 Nasaat.kg
"Үйүндө олтурган адамга шейиттин сообу берилет" Айша энебиз мындай дейт: Мен Алланын элчисинен чума оорусу тууралуу сурадым. Алланын элчиси: "Чума оорусу - азап. Алла Таала аны Өзү каалаган адамга жиберет. Ал ооруну момундарга мээрим катары берет. Кимде-ким чума оорусу жайылып кеткен учурда, сообун Алла Тааладан үмүт кылып, сабырдуулук менен үйүнөн чыкпай олтурса жана Алла Таала тагдырына жазган нерселер гана болоруна ишенсе, анда ага шейит болгон адамга берилчү сооп берилет". (Бухари 3474.) Ибн Хажар Аскаланий деген аалым: "Бул хадистин мааниси, жогоруда айтылган сыпаттар менен сыпатталып, бирок ошол оорунун айынан өлбөсө да, ал адам баары бир шейит болуп өлгөн адамдын сообундай соопко ээ болорун билдирет" - деген. Чынында, бул хадис бир гана чума оорусуна эмес, көпчүлүккө тарап, элдин калың катмарына бат жайыла турган бардык ооруларга тиешелүү. Динде өзүңө жакшы көргөндү башкага да жакшы көр деген эреже бар. Өзүңө эч качан оорууну каалабайсың, өзгөнү да ойло. Жамандыктын артынан жакшылык, кыйынчылыктын артынан жыргалчылык келерине ишен. Алланын тагдырына ишенип, Андан сооп үмүт кыл. Ушул кылганың үчүн шейиттикиндей соопко ээ болосуң. @nasaat.kg #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов атов #атаэне #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #коронавирус #koronavirus #nasaatkg @nasaat.kg
Загрузка...
21566   149
19.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Күч коробогон, даарат талап кылбаган, сооп-сыйы көп ибадаттар: Адамдардын көбү даараты жок эле, эч кыйналбай аткара турган ибадат бир гана зикир чалуу деп билишет. Бирок, зикирден башка да аткарууга жеӊил, анысына карабай сооп-сыйы көп, пайдалуу ибадаттар толо. Төмөндө ушундай ибадаттардын кээсине токтолобуз: 1. Алланын бергенине ыраазы болуу: азбы-көппү Алла Тааланын бергенине ыраазы болуп, каниет-топук кылып жашоо өзүнчө бир чоӊ ибадат. 2. Бирөөлөрдүн көңүлүн көтөрүү: кимдир бирөөгө жакшылык кылып, жардам берип көӊүлүн көтөрүү сооптуу ибадат. Жок дегенде эки ооз жылуу сөз арнап, жылуу маанай менен жылмая карап адамдарга жакшы маанай тартуулаӊыз. 3. Муктаж адамдын муктаждыгын чечүү: эгерде кимдир бирөө максатына жете албай, же кайсы бир муктаждыгын чече албай, жардам сураса, анын муктаждыгын чечүү чоӊ ибадат. 4. Жылуу-жумшак сүйлөө: жакшы сөз – садага, жылуу-жумшак сүйлөгөн ар бир сөзүӊүз кыяматта сизге күбө болот. 5. Жакшы күмөн: эч кимге, эч качан жаман күмөн кылбаӊыз. Жүрөктөгү сырларды Алла Таалага тапшырыңыз. Ошондо Жараткан Алла сизди бардык жамандыктардан Өзү сактайт. 6. Илимдин зекетин берүү: илимдин зекети – билгенин башкаларга үйрөтүү. Бирөөлөр маселе сураса, зээрикпей, жалкоолонбой же текеберленбей билгениӊизди айтып бериӊиз. Алган илимиңизди жайылтыңыз, башкалар да пайдасын көрсүн. 7. Алла Тааладан жакшылык үмүт кылуу: дайыма жакшы ой, жакшы ниет менен жүрүү да ибадат. Алла Таала Кудуси хадисте: "Мен пендемдин ой-күмөнүндөгүдөймүн» - деген. Башкача айтканда, жакшы нерсени ойлоп, жакшыны ниет кылсаӊ ошого жетесиӊ. Жаманды ойлоп, жаманды ниет кылсаӊ ошого кабыласыӊ. 8. Өзүңө тиешеси жок нерсеге (уландысы коммен-де) 👇🏻 #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов атов #атаэне #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #ramazan #iftar #рамазан #орозо #orozo #nasaatkg @nasaat.kg