Abdishukur_Narmatov️️
@nasaat.kg
Abdishukur_Narmatov️️

Подписчики: 1667319
Посты: 2981
Подписки: 0
Шейх Абдишүкүр Нарматов. КИУнун Ректору.Эскертүү, суроо-жооп болбойт.❌ Ютуб каналыбызга катталсаныздар болот... 👇🏻
https://www.youtube.com/user/ruspatriotkg


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
18502  
21.01.2020 Nasaat.kg
Дагы бир жолу арак тууралуу... Абдишүкүр ажы Нарматов. Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Мен буга чейин эле арактын шариятта тыюу салынуу себебин, анын коомго тийгизген залакасын какшап айтып келгем. Мындан кийин да айта берем. Анткени, шариятта тыюу салынган күнөө иштердин көбү жеке адамдын өзүнө зыяндуу болсо, арактын зыяны бүтүндөй коомго, кошуна-колоӊго, жок дегенде бүтүн бир үй-бүлөгө тийип жатпайбы. Ислам дини бүт элдин тынчтыгын, бейпилдигин, коопсуз жашоосун каалаган дин. Шариятта күнөө иштер зыянына жараша бааланат. Жеке адамдын өзүнө гана зыянын тийгизүүчү күнөөлөрдүн жазасы ошонун өзүнө жараша болот. Күнөөнүн канчалык оор экенин билдирүү үчүн пайгамбарыбыз (ар түрдүү салыштырууларды айткан. Эки күндөн бери атыӊ-өчкүр аракты атасынан артык көргөн кээ бирөөлөрдүн “тынчын” алып, менин дарегиме түрдүү “мактоолорду” айтуусуна себеп болгон хадисти бул жерде толугу менен келтирейин. Ибн Аббастын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Арак – жаман иштердин энеси. Чоӊ күнөөлөрдүн чоӊу. Ким арак ичсе энеси, таежеси жана атасы менен бир тууган эжеси менен жаткандай күнөөгө батат” – деген. Бул хадисти Ат-Табарани “Ал-Кабир” китебинде 3134-катар саны менен келтирген. Хадисти Ал-Албани “Ас-Сахих” китебине 1853-катар саны менен киргизип, ишенимдүү, туура хадис деп баалаган. Чынында, арак көп жаман иштин башаты экенин башында тооктун мээсиндей акылы бар адам даана билип турат. Алыс барбай коомубузда жакынкы күндөрдө болуп өткөн окуяларга сереп салсак, аялын уруп өлтүргөн, төрт жашын кызын зордуктаган, энесине кол көтөргөн сыяктуу жан кейиткен иштердин баарынын башында арак турганы белгилүү. Мас абалында жол кырсыгына учурап, өзү эмес, бир канча бейкүнөө адамдын жанын ала кеткен окуяларды айтып отуруунун кажети деле жок. Арактын айынан түрмөлөр толду, жетимканалар толду, карыялар үйүлөрү толду, кабырлар толду. Муну мен айтпасам да көрүп-билип турабыз. Менин айтайын дегеним, атасы арак үчүн өлгөндөр, арак канына биротоло сиӊип, бөтөлкөгө энесинин эмчегине жармашкандай жармашкандар, анан да жөн эле жумурткадан кыр издеп, эптеп-септеп динге, же дин аалымдарына (уландысы комментарийген)....
Загрузка...
8770  
04.11.2019 Biskek , Kyrgystan
"БАЛ ДҮЙНӨ". Абдишүкүр ажы Нарматов. Бир тамчы бал жерге тамчылап төгүлүп кетет. Бир аздан кийин бир кумурска келип төгүлгөн балдын даамын татып көрөт. Артка кайтып жөнөйт, бирок балдын даамын татып көргөн кумурска алыска кете албай кайра кайтып келет. Экинчи жолу келгенде бал салынган идиштин четинен бир аз даамдап көрөт да кайра артка кайтат. Бирок, бул жолу да кумурска алыска кете албайт, анткени ал балдын даамын татып алган эле. Үчүнчү жолу кайра келип бал салынган идишке кирип алып, каалашынча балдан пайдалангандан кийин кайра чыкканга аракет кылат, бирок чыга албай калат. Анткени, буттары бири-бирине тушалып басканга мүмкүнчүлүк болбой калат. Канчалык аракет кылса да, анысынан майнап чыкпай буттары бир жерден жылбай калгандыктан ошол жерде өлүп калат... Эгерде кумурска аз болсо да бир тамчы бал менен чектелип, кайра-кайра кайтып келип балга башын салбаганда тирүү калмак. Дүнүйө - балдын чоң тамчысы сыяктуу. Ким балдын бир азына канаат кылса, ал балга чөгүп кетүүдөн кутулат. Ким балдын деңизине чөгүп кетсе, анда ал ошол деңизден чыга албай жок болуп кетет. Дүнүйө деп акыретин унутуу - балдын деңизине чөгүү дегени. Дүнүйө жыйнап аны акырет үчүн сарптоо - балдын бир тамчысына канаат кылуу дегени... #кыргызстан #бишкек #насаат #насааткж #макалалар #дуйно #бал #балаары #сабак #лекция #суроожооп #баяннасаат #аллах #ислам #пророкмухаммадﷺ #коран #куран #дин #чуй #ош #нарын #баткен #талас #жалалабад #ысыккол #токтогул #атбашы #чаткал #алай #nasaatkg @nasaat.kg