Abdishukur_Narmatov️️
@nasaat.kg
Abdishukur_Narmatov️️

Подписчики: 1667319
Посты: 2981
Подписки: 0
Шейх Абдишүкүр Нарматов. КИУнун Ректору.Эскертүү, суроо-жооп болбойт.❌ Ютуб каналыбызга катталсаныздар болот... 👇🏻
https://www.youtube.com/user/ruspatriotkg


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
17418   122   140932
08.04.2020
"Шабан айынын жарым түнү". Бүгүнкү түн Шабан айынын жарым түнү. Эртең күндүз хижрий жыл санагы боюнча Шабан айынын ортосун болот. Бул түндүн артыкчылыгы жөнүндө куттуу хадистерде айтылган. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) айткан: "Шабан айынын жарым түнүндө Алла Таала Өзүнүн мээримин төгүп карайт. Пенделердин бардыгынын күнөөлөрүн кечирет, бир гана Алла Таалага шерик кошкондорду жана бири-бири менен урушуп касташкандарды кечирбейт". Жогорку хадисте бул түнү Алла Таала пенделерге Өзүнүн мээримин төгүп, алардын күнөөлөрүн кечирээри жөнүндө айтылды. Алла Тааланын чексиз мээрими жана кечирими бардык пенделердин чоң жана кичинекей күнөөлөрүн камтып алат. Бирок ошол чексиз мээримден жана кечиримден сырт калган эки түрдүү адам айтылды. 1. Мушрик. Алла Тааланын жалгыздыгын тааныбай, Ага шерик кошкондор. Анткени, Алла Таала ширкти эч качан кечирбейт. 2. Урушуп-талашкандар, бири-бирин жек көргөндөр, мусулман бир тууганын душман көргөндөр. Мусулман менен мусулмандын ортосунда чыр чыкса, жаман сөз айтылат, бир бирине кол көтөрүп, кээде адам өлтүрүүгө же динден чыгып кетүүгө чейин барат. Бул түндө кандай амалдарды аткарылары жөнүндө, орозо кармоо, мечиттерде же үйлөрдө ибадат жөнүндө сахих хадистер айтылган эмес. Бирок, Алла Тааланын кечирими жана мээрими мушрик жана касташкан мусулман адамдан башкасына төгүлөрү айтылган. Ал эми Пайгамбарыбыздын: "Силердин бирөөңөр да өзүнө жакшы көргөн нерсени мусулман бир тууганына жакшы көрмөйүнчө толук мусулман боло албайт" - деген, сөзүнө амал кылган мусулман адам, өзүн жана мусулман бир тууганын Алла Тааланын мээриминен, кечириминен куру жалак калтырбаш үчүн, касташкан бир тууганын кечирип жүрөгүн таза кармашы керек. Төмөнкү аятта айтылган мусулмандардын катарында болуу үчүн, ачуубузду басып, жек көрүүдөн алыс болуубуз керек. "Ачуусун баскандар, адамдарды кечиргендер (ушулар такыбалар), Алла Таала жакшылык кылуучуларды сүйөт". Аалу-Имран сүрөсү, 134-аят. Жан дүйнөбүздү тазартып, бийик эрктүү бололу! "Аларды кең пейилдик менен кечир". Хижр сүрөсү, 85-аят. Катуу сөз айткандарды кечирүү, анча-мынча айтылган сөздөрдү укмаксан болуу, башкаларга жакшылык тилөө пайгамбарлардын, (уландысы комментарийде) @alyautdinovildar