17449 992
01.07.2020
Иннаа лиЛляхьи уа иннаа илейхьи ражи‘ун!
⠀
Орто Азияга таанымал үлкөн аалым Абдугаппар ажы Смановдун өтүп кеткендигин кайгыруу менен кабыл алдым. Кудай Таалам Абдугаппар бир тууганыбыздын барган жерин Бейиш кылсын! Кудай Жолунда кылган эмгектерин Кудайым Өзү кабыл кылсын!
⠀
Абдугаппар бир тууганыбыз чындыгында аалымдардын арстаны эле... Акыйкатты айтканда тайманбай айткан, чындык үчүн өзүнүн башын туу сайгандай сайган баатыр аалым эле... Аалымдардын баатыры, баатырлардын аалымы деп айтсак ушул адамга туура келет.
⠀
Ал киши менен далай үзөңгүлөш болдук. Кудай Жолунда даават-сапарларыбызда бирге болдук. Ал кишинин кыргыз калкына болгон жакшылыгын, урмат-сыйын өзгөчө баамдадык.
Ал кишинин бир туугандары менен Мекке шаарындагы сапарларыбызда дагы көп ирет чогуу болгонбуз.
⠀
Ал кишинин Кудай үчүн кылган кызматын көрүп, Кудай үчүн кызмат ушундай болоор экен го деген ойду биздин жүрөгүбүзгө эмгеги менен салган улуу агабыз эле.
Кудай Таалам жаткан жериңизди Бейиштен кылсын! Акыретиңиз аабат болсун! Медресеңиз, шакирттериңиздин иши уланып турсун!
⠀
Бүгун эки эл: кыргыз эли жана казак эли бирдей кайгыга батып олтурат.
Эки элдин тең уулу Абдугаппар Сманов жаткан жериңиз Бейиштен болсун!
⠀
01.07.2020
Чубак ажы Жалилов