Бисмиллаахир рохмаанир рохиим. Ассалааму алейкум ва рохматуллоохи ва баракаатуху!! Урматтуу мусулман журтчулук, кадырман калайык калк!!! Ар бир жакшылык, ар бир жамандык Аллах Тааладан. Азирети Пайгамбарыбыз алейхис саламдын кутман сахабасы Убаада бин Саамит разиялооху анху керээз катарында балдарына калтырган осуятында: “Уулум! Тагдырдын жакшылык жамандыгы Аллах Тааладан деп ыйман келтирмейинче, ыймандын даамын сезе албайсың, Аллах Тааланы таанып-билүүнүн акыйкатына жете албайсың!”, дейт. (Ахмад 5\317, Абу Дауд 4\225) Сузак менен Ноокатта үчтөн адам таажы ылаң менен жабыркады деп айтылса, үч миңдей адам ун талашып, тартип сакчыларын жөөлөп, жапайылыктын жогорку үлгүсүн көрсөтүп жаттык. Дүйнө эли жабыркагандарга жардам берип, чыныгы мусулманчылык сыпатты көргөзүп жатса, биздин улак тартчу мырза жигиттерибиз ун тартып-талашып жүрөт. Макул, аялзаты зайыптык кылып чебелектеп жиберээр, бирок аны жоошутчу да, жөнгө салчу да эр жигит эмеспи?!!! Аалам мырзасы Мухаммад алейхис салам айтат: “Ким кыйналып турган пендеге жеңилдик кылса, ага көмөк көрсөтсө, Кудай Таалам ал инсанга дүнүйө жана акыреттин оорчулугун жеңил кылат” (Муслим 2699). Ардактуу агайын-тууган! Хан Манастын тукуму! Башыбызга келген оорчулукту ун талашуу менен эмес, ун таратуу менен жеңилдетпейлиби? Кыйынчылыкты жеңүүнү, кырдаалды жөнгө салууну дүрбөлөңгө түшүү менен эмес, өзгөлөргө жардам берүү менен чечпейлиби??
Диндарлыгы менен башыбыз таанылып бара жаткан эл элек. Касиеттүү Каабадан ак калпак көрсөк кыргыз деп билип, жүрөк элжиреп, сүйүнүчтүн көз жашы көкүрөктү жибиткен эл элек. Эмне абалга кептелдик.....? Мындан каатчылык абалды да көргөнбүз.. Суу май жок семичке эгип, аны укалап, кустардык жол менен жасалган чала машинеге май тартып жегенде мынчалык болбоду эле? Буудай жок, жүгөрүнү кол тегирменге тартып загыра нан жеген учурубузга али чейрек кылым болуп-боло элек, бирок мындай абал баштан өтпөдү эле... Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовтун “Бетме-бет” повестинде, Сейде, күйөөсү Ысмайыл Тотойдун уюн уурдап, союп алган кылыгынан улам аны жектеп, солдаттарга кармап берүүгө көмөктөшөт. Азыркы сейделер күйөөсүнүн кулагынын кужурун алып, базарга жетелеп, элди дүрбөлө