Пайгамбарлар мураскору
Жылдыз сымал аалымдар.
Ошол жылдыз арасында
Бир өзгөчө аалым бар.
Кандай кырдаал болсо дагы
Акыйкаттан жазбаган
Бүт өмүрүн, баардык күчүн
Дин жолуна арнаган.
Тайманбастан, дайым сүйлөйт
Чыркыраган чындыкты.
Багыт берип, алга сүрөйт
Сүйгөн эли - кыргызды
Жаратканым, жалгап Өзүң
Сакта ошол аалымды!
Пайгамбардын мураскору
Ошол биздин жылдызды.
Канча адам динге келди
Угуп сиздин сабакты.
Ажырашкан канча жубай
Сиз себептен жарашты.
Динин жээрип жүргөндөрдүн
Пикирлери алмашты.
Насаатыңыз пайда берип,
Туура Жолун табышты.
Баян кылып элдин баарын күлдүргөн
Акыйкатты ачык-айкын билдирген
Адамдардын ойготуп жүрөктөрүн
Акылына Ыйман сөзүн киргизген.
Сабактарын канча жандар угушкан
Сабыр кылып, баары амал кылышкан.
Диндин эмне экендигин билбестердин
Жүрөктөрү Ыйман менен жылышкан.
Ак-караны ылгап элге көргөздү
Ачык айтып акыйкаттуу сөздөрдү.
Жаңыдан куралган бүлөөлөрдүн
Жашоолору жакшылыкка өзгөрдү.
Аллах берсин эч соолубас өмүрдү!
Ар дайым кубантасыз көңүлдү
Аалымдык даражага жетүү үчүн
Эх, устазым, канча көз жаш төгүлдү.
Чубак ажы устазым,
Узун болсун өмүрүңүз!
Ар дайым ачык болсун
Нурга толсун жүзүңүз!
Жаратканым коргоосуна
Өзү алып, бек сактап,
Аман-эсен жүрө берсин
Үй-бүлөңүз жана Сиз!
Автор: Толгонай Усупканова
Окуган: Бактыяр Раимкулов
Видео: Б.М.