Назира Жетигенова
@nazira.jetigenova
Назира Жетигенова

Подписчики: 573256
Посты: 1578
Подписки: 53
Кош келиниз🙌#ПроведениемероприятийКыргызстан🇰🇬 По поводу сотрудничества и рекламы0555351810📞 Достор менин жаны YouTube каналыма катталыныздар⬇️
https://youtu.be/AjUPtRbVLuA


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3078  
07.10.2019
“Коомчулукка, элге бул иш кандай болгонун айтып койгум келди” 234 Сьемкадан чыгып баратсам, алып баруучу Асел жолугуп, “Алина эже, сиңдимдин товарлары бар эле. Сиздин тааныштарыңыз көп го. Сатышып бериңизчи” деп офисине киргизип 1 пальто,1 куртка,1 безрукавка берди. Ой мен гастролго кетип атам, сыртта көпкө жүрүп калам дегениме карабай, “жазга чейин сатылса болду” деп берип салды. Ошентип гастролго кетип калып баягы товарларды сата алган жокмун. Кийин өтпөй жатканын айтып товарларды алып барып берейин десем, “албайм, акчасын бериңиз” дегенде таң калдым. Ак көңүл жаным мейли, дагы аракет кылып көрөюн деп койдум. Кийин ортодо бир топ жагымсыз чалуулар болду. “Акчасын мен берип койгом. Мага акча керек” деп тааныбаган аял чалып доолой баштады. Мага товарды ким берсе ошону менен сүйлөшөм деп ал аялдан араң кутулдум. Дагы бир күнү “жолдошумун, ал акчаны мен бергем. Акчамды алып келип бер” деп товарды мен өз эрким менен алгандай туш тараптан кыйнап “Эгер товарды сатып акчаны алып келип бербесе соц тармактарга уят кылып чыгарам” деп коркутуп жазган смстерин да Асел мага жөнөткөн. Ал смстер менде сакталуу. Аягында Асел менен сүйлөшүп, товарларды алып барып бере турган болдум. Дал ошол күнү бир тойдон Аселге жолугуп калып, товарларды азыр эле берип коеюн десем “Эже, азыр машинам толтура товар. Эртең менен алып келип бериңиз” деди.Эртеси Замананын таңкы көрсөтүүсүнө тартылмакмын, Заманага баратып, өзү жок экен, офисине таштап кеткем. Аселдин сиңдисин көргөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Анан эле сиңдиси товарды жан талашып карызга алып кеткендей, анан акчасын бербей, качып жүргөндөй жаман атты кылып жазып чыкты. Абдан ызаландым. 40жыл сахнада жүрүп, элге арнаган ак эмгегиме, жеке аброюма шек келтиришкендер жүрөгүмдү оорутту. Айрым сайттар бул жалааны мага чалып тастыктап албай эле жайылтууга аркеттерин көрүштү. Шоу дүйнө жаңылыктары деген акаунт “Алина Жетигеновага чалсак өчүк, байланыша алган жокпуз” деп жазыптыр. Мага эч ким чалган жок. Чалса ушул нерсени айтып бермекмин. Менин телефонум эч качан өчүк болбойт. Телефон номерлерим өзгөргөн эмес. Чыгармачылыктагы кесиптештеримден сурашса деле табышат болчу.
Загрузка...