Оюбуз өткөн чакта. Тээ артыңда качандыр калып калган элестериңди бирден барактап алып шыпшынып, бирде үшкүрүп, бирде жыргап, бирде сагынып, таптырбай кеткен эски күнүңдү камчылап алып өткөндүн өлкөсүндө адашы-ып жүрө бермей адатыбыз бар го? Кээде ой деген күлүк атыбызды чаптырып алып ойкуп бир кайкып, келечекке жүткүнүп, келе электе эле жетип барып, далай ишибизди бүтүрүп, шымаланып, чуркап, тердеп - кургап жүрө беребиз. Ойлорубуз бирде артта, бирде алдыга чаптырып адашып жүргөн кезде денебиз учур чакта максатсыз, супсак жашап жүргөн болот. Тамактын даамы, күнүңдүн кунары качып, бакытты мезгилден кубалаган бойдон жаштыгыбызды, өмүрүбүздү өткөрөбүз. Элестет өлүмгө кадам калган күнү карасаң эле жашоо ушунча таттуу. "Мурун эмнеге сезбедим экен? Атаганат, жок дегенде бир ууч убактым болгондо эмне?!" дээр белек бармакты тиштеп өкүнүп. Андайды элестеткенде денеңе майда бүртүкчөлөр чыгып, чыйрыга түшөсүң. Эсиңе келе калып, тирүү кениңе, жашап жатканыңа ушундай жыргайсың анан! Мынчалык Жаратканга жалынбаган чыгарсың. Шүгүр сөзүн айтканда жүрөгүң кошо сүйлөп жибергиси келет. Мен жашап атам дейсиң! Үй жыйнаганда да жыргап, ар бир кычыгын жууп, тамак жегенде тим эле тилиң ар бир даамын сезип, сезген сайын көзүң аңтарылып, ырахатка бөлөнүп, уулуңду жыттаганда мээримиң мн сүйүүң оргуштап, ичиңди кошо титиретип, китеп окуганда оюңду топтоп окуп, кино көргөндө жыргап көрүп жашап каласың. Жашашты билдик белек дейсиң анан? Тирүүлүккө эптеп тутунуп, акча кубалап, кырылып, жек көрүп, урушуп, бөлкө нанды бөлө качып жүрбөдүк белек дейсиң. Үймөктөп үйчүбүздү үйүп, көңүлүң толбой, көкүрөгүң ачка болуп жашадык. А толуш үчүн жөн гана азыркыңдан, учурдагыдан, майда нерседен ырахат гана алуу керек болчу экен! Бакытты кубалап, кандай гана ишти жасап, кайда гана жүрбөдүк....#жөнэлеойлор #бактылууадам #карантин #үйдөбол