Даниель Ажиев - коомдун күзгүсү (зеркало!) ал. Коомдун арасында андай Даниелдер өтө көп! Бала чагында сүйүү көрбөгөн, төпөш жеп калган, басынып калган, көп нерсеге жетпей кордук көргөн бала чоңойгондо ушундай болуп калат. Комплекси мн чоңоет. "МЕН " деп анан төш кагып, ичиндеги мендигин элдин баарына көргөзүүнү каалайт. Өзүн эч киммин деп чоңойгон, "невидимка" ордуна койгон бала баарына көрүнгүсү келет." Мени кыйын бала экен" деп ойлошсун, "Мени көрүшсүн!Жогорку баа беришсин. Эсептешсин" дейт. Анткени аны эч ким көргөн эмес убагында, басынтышкан. Бөтөнү эмес өзүн өзү да көргөн эмес. Көпчүлүгүбүз эле ошондой чоңойгомбуз. Бирок ар бирибиздин формабыз ар кандай. Эмнеге дүнүйө чогултабыз? Машинабызды мактанабыз? Кредит алып душман көзүнө көрүнөбүз? Балдарды таштап коюп , жаныбызды тишибизге тагып алып, чуркап акча чогултабыз, эки этаж үйлөрдү курабыз? Өзүбүз үчүнбү? Анан аны "Эл көзүнө", "Душман көзүнө" "Эл эмне дейт" деп атайбыз! Демек, өзүбүз үчүн эмес эл үчүн турбайбы! Баарыбызда "Элге жагынуу", "Эл мен жөнүндө жакшы ойлонуп калсын" комплекси ар бирибизде жашайт! Андай эмеспи? Балким ичибиздегини тырмап койсо, андан өткөн жиндилигибизди көрсөтөттүрбүз? Карантинде жөн эле жатпай, анда - санда күзгүдөн каранып деле жаталы, туугандар. Асмандан түшсөк дагы! #жөнэлеойлор
P.s. текстти түшүнүп окуңуздар. Баланы мактаган да сөккөн да жокмун. Баарыбыз ошо баладай эле комплекси бар, оорукчан адамбыз. Биз да эл эмне дейт деп жашайбыз. Кайрымдуулукту өзүнө болгон бааны көтөрүш үчүн жасады. Жакшыбы, жаманбы, ким үчүн жасаса да жасады.