Далай аял затынын нукура сырткы жүзү чыга баштайт жакында.
Кирпиксиз, боексуз, тырмаксыз. Өзүңөрдү нукура келбет мн кабыл алуу, жасалма эмес абалыңызды сүйүү мүмкүнчүлүгү келди. Өзүнүн нукура сулуулугун кабыл алгысы келбегендер, өзүнө төмөн баа бергендер укмуш шыбанат, боенот, сулууланат, бетин боек мн өзгөртүүгө, башка кыз болууга аракет жасайт. " Өздүк жүзүм эч кимге жакпайт, мени кабыл албай коет, шылдыңдашат" деп коркот кыздар. Өзүн сүйгөн адам өзгөлөрдүн баасына муктаж эмес. Өзүн баалаган адам башкаларга жагам же жакпайм деп коркпойт. Өзүнө ишенимдүү адам жигитим, сүйгөнүм, жолдошум таштап кетет деп коркпойт жана жакын адамынын үстүндө титиребейт. Өзүнө ишенген, өзүн сүйгөн адамдан ошондой энергия чыгат. Өзүн сыйлабасты, өзгөлөр да сыйлабаарын унутпаңыз. Жаныбарлар сындуу эле инстинкттер сүйлөйт, энергияны сезет, рухуңдан маалымат алынат. Өзүн сүйүүгө өзүн жакшы алып жүрүү, жасануу, сулуулануу да кирет, бирок ал чекти билет жана кааласа боегу жок да жүрө алат. #жөнэлеойлор