Жашагым келип атат! Тентек кылып, каткырып, жыргап, даамын татып, ырахат алып, кумарланып, сүйүп, бакытка тунуп максималдуу түрдө! Көкүрөк толо дем алып! Мекенимдин койнунда, тоолоруна суктанып, шыңгыр үнүн угуп суусунун, чыичыктары мн жарышып, гүлүн жыттап, чөбүнө оонап жатып, бийик теректерди тиктеп, асмына кулачымды жайып, баркын сезип, өөп жыттап жашагым келип атат. Жашоого ошол үчүн келгенбиз да! Таттуусун тат аары сындуу. Көпөлөгү бол, гүлдөн гүлгө кон! Чымчыгы бол шаңшып сайра! Балыгы бол суусунда сүз. Жаратылыштын ар бир бөлүгүндө барбыз! Жаратылыш мн айкалышып, жуурулушуп, сүңгүп турсак, сонун эмеспи?! Жашагым келип атат!♥ #жөнэлеойлор