Өстүрө турчу анан өлтүрө турчу сүйүү бар. Өстүрө турчу сүйүү канат берет. Бийик учурат. Ишеним берет. Анын берген эркиндигинде каалгыйсың, жыргайсың. Шартсыз сүйөт. Эсеп - кысабы жок , милдеттендирмеси жок сүйүү. Бир жакшылыгын миң айтып, мээңди жебейт. Жөн гана жүрөгүнөн чыккысы келген үчүн жакшылык кылат. Догун артпайт ал үчүн. Өстүрө турчу сүйүү жүрөктүн түбү менен таптаза чыгат. Арамы жок. Адалы көп сүйүү ал. Ал сүйүүгө балкыган адам арууланат, өсөт, гүлдөйт, жайнайт.
Өлтүрө турчу сүйүү бар. Өзүмчүлдүк чоң ал жакта! Мен үчүн, мага, кылышың керек, баспа, турба! Мойнунан байланган ит сыңары. Ал жибиң бара бара сыйыртмакка айланат. Бууй баштайт. Соңунда демиңди кысып өлтүрөт. Сенин кызыкчылыгың, ыңгайың, эркиндигиң, гармонияң эске алынбайт. Баардыгы ага ыңгайлуу болуусу шарт. Жакшылыгын өмүр бою мойнуңа жүк кылат. Өмүр бою карыздарсың, күнөөлүүсүң. "Кыңк" деп эле баш көтөрүп көр! Өкүттө каласың! Сөөгүңө жеткире сүйлөп, чучугуңду чагып жейт. Сүйөм дейт. Сүйүп аткандай мамиле бирок күндөн күнгө куурап баратканыңды сезесиң. Жылдызың өчүп, ооруй баштайсың. Ал эч качан жаңылбайт. "Меники чын, меники туура " менен жашап, кемсинтет, кемитет, чүнчүтөт. Кач андай сүйүүдөн! Ал өлүмгө кетчү жол! Эркек - аялга гана тийиштүү эмес бул сүйүү. Бир тууган арасында, достукта, ата - бала, эне - бала ортосунда да боло турчу сүйүүлөр бул. Чыныгы сүйүүнүн эсеби, милдети, шарты жок. Жөн эле ааламда бар үчүн сүйөсүң! Анын бир эле жылмайуусу үчүн дүйнөнү оңкоросуң, жүрөгүңдөн чыкканын жасайсың! Эсепсиз - кысапсыз....#жөнэлеойлор