Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10
Загрузка...
Көзүмдү карабай эле жер карайт байке. "Жер карап сүйлөгөндү жаман көрөм,- дедим. Жанындагы ага ,- Ал көзүн сактап атат. Көзүбүздү сактаганыбыздын себеби, көрүнгөнгө сук арта берсек, үйдөгү жубайыбызга эмнебиз калат? Жубайыңа ысык болуш үчүн энергияңды көрүнгөнгө коротпош керек,- деди. Мага кызыктуу угулду. Ал тургай жакты! Өзүнчө эле романтика! Анткени ага чейин интернет булактардан окуган маалымат эске "кылт" этти. Уят фильм көп көрүп, сырттагы эти көрүнгөн кыздарды көрө берген көздүн дүүлүгүшү кыйын болот экен дагы, сезими мокоп, эрте эле алдан күчтөн тайыйт экен. Аял канча кымтынып жүрсө, тескерисинче кызыктуураак көрүнөт тура. Жабылуу кутучаны кызыгып ачкысы келген сыңары. Бутунун томугуна ашык болуп калган чыгармаларда бар го. Африкада жылаңач жүргөн урууларда көзү жылаңач денеге ушунча көнүп калып, желкесиндеги чачы адамды дүүлүктүрөт экен. "Уят", "харам", "күнах", "болбойт", "уят болот" дебей эле илимий тилде түшүндүрүлмөсү элге жетсе, жакшынакай эле жүрүшмөк. Анкени канчалык басым жасалган сайын ошончолук тетири тебилет. Пружинаны баса берчи...физикада бар да бул мыйзам. Баса, төшөктө партнеру көп болсо, ал эркектердин гени кала берет экен аялда. Кийин сүйгөнүңөргө оппокшош, сүйгөнүңөрдөй кыйын тукум төрөп берээрде мурунку өнөктөштөрүңөрдүн жиндидей гени, мүнөзү чыгып калса, таң калбагыла. Ошон үчүн энесинен бөлөк өбө элек кыз керек деп тазалыкты баалашчу тура илгери. Бул таза тукум үчүн керек экен. Ошол. Ошону эле айтып коеюн дегем. Жылаңачтангым келбей калды негедир...))) Илимий түшүндүрмөсүн жайылтса эле элдин баары туура жүрмөк. Анан тамталаңдап каяктагыны айтпай! #жөнэлеойлор

Загрузка...
1193   203
01.07.2020
Жатканга жерлери жок, отельдерди, жеке клиникаларды чоңдор өздөрү ээлеп алса, жатканга жер жок да. Ал жакты тебелетиш "жалко". Бүт дүйнө чогуу күрөшөт экен. Биздики чачыранды күрөшөт. Чоңдор өзүнчө, карапайымдар өзүнчө. Аптекада 250 сомдук дарың 800 сом болуп кетиптир бирөө пост жазыптыр. Аптекаң чоңдоруңдун көзөмөлүндө болуп атпайбы! Иштеп калыш керек да. Жеке клиникада анализиң, өпкөңдү тарттырышың асмандын башы. Кыйчалыш күндө бир туруп, бекер кылбай эле койсун, 50% жеңилдетүү берсе, кемип калышат. Анткени алар да чоңдордуку. Бир күндө 65 мыйзамды кабыл алып туруп, "чыйт" түкүрүп басып кетишти тигилериң! Ал эмне болгон мыйзамды кабыл алды Х.З (хрен его знаеттин кыскартылган түрү). Ажону көргөн киши барбы? Өлкөнүн атасы жок, жетимдей эле турат. Аталыгын сезген барбы?? Доктурлардын акчасы берилбей жатат! Тааныш доктурлар өздөрү ковид мн ооруп, өзүнө өзү тамчылатма сайып коюп, күндүр - түндүр иштеп атат. Жүрбөгөн унааны артынан түртүп алышып... Аябай сөгүнгүм келип атат. Сөгүнгөндөргө 5000 сом штраф беле? Баса, бетине түкүрө турган болсоң, дагы 5000. Туй, ата!
5453   291
01.07.2020
- Сиз баланы сооротконду билбейт экенсиз! ⠀ - Эмнеге? ⠀ - Бир жолу атам экөөң ажырашканда ар кандай аталар болот. Айрым аталар балдарын же апасын аябай сабайт. Айрым учурда өлтүрүп коет. Ошон үчүн аларга салыштырмалуу атаң жакшы жана сени жакшы көрөт" дегенсиз. Мен ошол аталарды эстегенде ыйлагым келет. ⠀ Муну укканда оңтойсуз боло түштүм. Ал окуя эсимде жок негедир. Анын башка бүлө күткөнүн жумшартыш учун балким айткандырмын. Башкача салтыштыруу керек беле ким билсин? Айлам куруганда балам мендей өзүн ташталган сезбесин десем керек да. Бир саамга унчукпай калдым. Тынчтынымды уулум кайра эле суроосу менен бузду. ⠀ - Апа, атаңды сагынчу белең? ⠀ - Албетте, балам. Жол карап күтчүмүн. Бирок келген жок. Анткен мн кийин издеп, таап бардым. Тааныштым. Мага караганда сага тагдыр жылмайыптыр. Телефон аркылуу сүйлөшөсүң. Бир жумада бир болсо да көрүшөсүң. ⠀ - Бир айда бир. ⠀ - Айырмасы жок, балам. Бирок сен анын бар экенин жана сени жакшы көрөрүн билесиң. Эң башкысы башы аман. ⠀ ...дедим. Тагдырыбыз окшошуп калганына ичим "тыз" дей түштү. Жашым тегеренип кетти. Ар ким өз атасын эстеп аткан чыгар жымжырттык өкүм сүрдү ортодо...
8230   183
28.06.2020
- Уулум, көзүңдү жумуп, Жараткан мн жүрөгүң аркылуу маектешсең болот. Каалаганыңды сура. Ал аткарат баарын. ⠀ - Апа, кажети канча? Менде баары бар. Ушуга шүгүр кылайын. ⠀ Унчукпай калдым. Ичимен ошого акылы жетип атканына айран таң калып, бир эсе баламдын топук дүйнөсүнө кубандым. ⠀ Демек, баары жетиштүү деп атса, камсыздап аткан экенмин деп өзүмө маашырлана кубанып, көкүрөгүм ток пейил тартып калды. ⠀ Балача жокпузбу дедим ичимден. Сурай беребиз - сурай беребиз. Колубуздагыга шүгүр келтирип, ыраазы болуп, "Мага жетет ушул!" дегени аз. Кайсы учурда алкымыбыз араандай ачылып, майданын ырахатына тойбой калганбыз? ⠀ "Куралат баары майдадан. Байкабайт аны майда адам..." Керемет саптар. Бир момпосуйга ыраазы болгон балаңдай, бир жакшылыкка ырахмат айтууну билгенибизде алда канча бактылуу болот белек? ⠀ Көп нерсенин тегерегинде ой - жүгүрттүм. Көп нерсеге шүгүр кылдым. Жан дүйнөмдү тынчытып, алда качан эле бышылдап койнумда уктап аткан уулумдун артынан таттуу уйкуга жөнөдүм.. #жөнэлеойлор Сүрөт архив. 2008 - жыл. Курсагымда түйүлдүгүм бар.
5789   182
27.06.2020
Текебердик адамдын эң жаман сапатынын бири. Ошол чыкты дегиче жан дүйнөңдү, ааламыңды талкалады дегендик. Аны тереңиңе катып, ордуна адамгерчиликти чыгарууга аракет кылып, күрөшүп жашайсың. Биротоло жоготуш кыйын экен. Текеберлигим бүгүн бошонуп кетти. Бирөөнүн көңүлүн оорутуу - өз көңүлүңдү төпөштөө экен. Биз бир ааламбыз. Бир уйдун мүйүзү сынганда миң уйдуку зыркырайт дейт го. Биздин жаратылышта ар ким өз өзүнчө деген нерсе жок экен. Текебердик кылдым, мүнөзүмдү көргөздүм, өктөм сүйлөдүм, бирок көз жашымды тыйдырыш кыйын болуп атат. Адамдарга жакшылык жасоо, адамгерчиликтүү болуу мн мен өзүмдүн жан дүйнөмө гана салым кошоорумду түшүндүм. Тил - душман. Бири бирибизди сындап, жектеп, жек көрүү мн бийиктикке чыкпайбыз. Көкүрөктү гана кирдетебиз. Кечирим сурап келейин. Кыйнап ийди көкүрөк... #жөнэлеойлор
6016   173
27.06.2020
Гүл жыттагыла! Жашоо сени акырга түртүп койсо дагы гүлүн изде. Жеткен жаман адам болуп, жаныңды кашайтып атса дагы жакшы сапатын көр. Ишиң жүрүшпөй, кыйчалыш болуп атса дагы жакшыдан үмүт үзбө. ⠀ Жан дүйнөнүн жетилген мезгили келди. Мурункудай кандай унаа айдап жүрөт, кандай үйдө жашайт, кандай кийинип жүрөт, тегереги кандай адамдар деген түшүнүк эскирди. ⠀ Кычырагандарды ээрчип, акча кытыратса эле чуркап, бийлигин сүйүп, байлыгына көз арткан заман кетти. ⠀ Жан дүйнөнүн сулуулугун издеген заман азыр. Билимдүүнү этектеп, бийиктикке аброй күтүү үчүн эмес бийиктикке көптү көрө билүү үчүн чыккан убакыт келди. ⠀ Бакыттын баары жөнөкөкөйлүктө болот. Жупунулук мындан ары кедейликтин белгиси эмес, адамгерчиликтин, көкүрөктүн кеңдигинин белгиси болуусу керек. #жөнэлеойлор ____________________________________ Сүрөттү тарткан: @san_imanov Боегон: @venera_vizazh Тартылган жери: @maryotel_bishkek