Жаш кезиңде курчтук болот экен. Кайсы жерден жаңылам, кайсы жерден жаза басам деген түшүнүк жок. Жашооңдун аңгыл - дөңгүлүнө карабай, чуркап жөнөйсүң! Урушаарга жоо таппай, урунаарга тоо таппай, алкынып - жулкунуп, толкундай боюңду жарга уруп турган кезиң болот. Жашоо акырын нокто салып , улам бир тескейин көрсөтүп, нөшөргө, шамаалга бышырып атып баш ийдирип, жоошутуп алат экен. Жаштыгыңда жалын бүркүп турасың! Көңүл чордонунда болгуң келип, назарын бурдуруунун жолундасың. Жаш өткөндө ар бир кадамың абайлап арыштайт. Мурункудай көзүң жумулуу чуркабай, эсептеп - чоттоп, жети жолудан өлчөп анан жасайсың. Баарынын назары эмес бир эле адамдын көңүлүнө муктажсың. Ошол адамдын жылуулугу, мээрими жетиштүү. Физикалык жактан чоңойуу жетишсиз, моралдык жактан чоңойуу кажет. Айрым адамдар жаштыгы артта калып калса деле калжактап турат. Алар моралдык жактан чоңое электер го дейм. Жумуштабы, достуктабы, көңүл иштериндеби, айтор дайым өзүнөн эки эсе жаш өнөктөштөрдү издейт. Анткени акылына, көз карашына, деңгээлине теңдейт. Айрымдары болот. Жаш туруп, жан дүйнөсү карылыкта, акылманда...алар дайым улууларды издеп жүрөт. Улуулар мн баарлашат. Өзү теңдүүлөр баладай көрүнө баштайт. Дегеним, физикалык жаш курак менен бирге жан дүйнөнүн курагы теңме тең жүрө бербейт экен. Кимиси бат жетилет, кимиси кеч дегендей...эмнеси болсо да, жашоонун сабагынан кечикпей, учурунда үйрөнүп, кичүү муунга үрөн сээп калалы. #жөнэлеойлор