Аялдардын жан дүйнөсү мн тааныштырууну улантам. Бизди кулагы мн сүйөт дешет. Ошол чын! Кыз киши жылуу сөз уккандачы дароо эле кулак аркылуу кирип, жүрөккө барып тийет. Сөзүңөр "Сагындым", "Сүйөм", "Көргүм келип жатат", "Жытың сонун" ж.б.у.с жылуу сөздөрдү камтыганда ичибиздеги көпөлөктөр ойгонуп, мээдеги жана кандагы серотониндер, эндорфиндер ойгонуп, көз тунарып, жүрөктүн согушу ылдамданып, дене козголуп, көз коюлай түшөт. Бул ыкманы "бабниктер" жакшы билгени үчүн көп колдонот. Тилдин учунан гана сүйлөп, жан дүйнөсү аркылуу денесине кирүүгө аракет кылат. Эркектердин "бабник" сортунда жан дүйнө башкы максат эмес. Дене кумары - башкы максат. Мага окшош "карышкыр " келиндер жылуу сөз тилдин учунан же аркы көкүрөктөн чыгып атканын дароо аңдайт. Фальш ноталар кулакка тээп баштайт. Жаш, эч нерсени көрө элек кыздар андай "самопал" сөзгө тамтаңдап "мас " болуп калып, далай алданышат. Жан дүйнөдөн чыкканда гана жан дүйнөдөн орун алаарын эркегиң да, аялың билип алгыла. "Однолюб" деген да эркектин сорту болот. Көрүнгөн көйнөктү карап, көңүлү көрүнгөн жакта жүрбөйт андайдын. Көңүлүндө өмүр бою бирөө гана түнөйт. Менин оюмча "бабниктер" энесинин сүйүүсүн жетишээрлик деңгээлде ала албай калып, көрүнгөн аялдан сүйүү, жылуулук, мээрим издей бергендер жана өзүн сүйө албагандар. Өзүндө жок сүйүүнү башкага бере албай, кыйналгандар. Толук кандуу жетилген адам жетилген сүйүү мн сүйүп, өзүн да өңгөсүн да бактылуу кыла алгандар. Кыздардан деле көптү сүйгөндөр болот. Өзүн таппай, өзүнө эмне керек экенин билбей, кыйналып жүргөндөр болушу ыктымал. Өз адамын тапкан адам өзгөгө жабык болот. Көздөрү дале ойноп турса, жанындагы жары убактылуу дегенди билдирет. Ошооо. Иттей тажрыйбалуу өңдөнө берейин. #жөнэлеойлор
♥♥♥