Кагылган каалганын баары эле дароо ачыла берсе, үмүттүн, сабырдын мааниси калат беле, уулум? Күткөндү үйрөн. Төгөрөгү төп келип, тузу кемибеген адам болбойт. Кемтигиңди толуктап, үзүлгөнүңдү улап, чачылганыңды жыйнап отуруп гана бакыттын , жеңиштин, өрүштүн даамын билүү мүмкүн. Аңга түшкөндөн коркпо. Бир жолу түш! Андан кийин алдыңан чыккан миң аңды аттап өтөсүң. Бийиктикке чыккандан да жазганба. Алгач башың айланат. Дендароо болосуң. Атактын, даңктын жүгүн азаптын жүгүн көтөргөндөн да оор, балам. Апамдын мага үйрөткөн сабагын сага калтырам: "Жеткен чегим ушул десең, атагыңа мас болосуң. Дагы өсөм десең, жөнөкөй бол. Көтөрө бил." Башыңа бакыт кушу конгон кезде көзүңдү тунук тут. Май баспасын. Көңүлдү ток карма. Алкым деген жаман нерсе. Жан дүйнөң жетиле элек болсо, бакыт кушун кармап туруш кыйын болот. Аны багып, бапестегенди, бийик бийик учурганда билүү кажет. Оор күнүң келет. Башыңа мүшкүл түшкөндө жабалактаган дос да, тууган да азаят. Ал пендечилик, балам. Кекчил болбо, кечире бил. Кабыргаң майышып турганда ишенип анан таяна турчу тек Жараткан анан өзүң барсың! Эч ким сага милдеттүү эмес! Ата - энең дагы! Өзүңдө өзүң гана барсың! 18 ге чыгып, толук кандуу жаран болгуча насаатым, айтчу акылым, кеп кылчу кеңешим да болот. Чоң киши болгон соң, тандоону өзүңө коем. Жашоонун калемин колго аласың. Кандай чиймелесең да, өмүрүңдүн соңунда өкүнбөгөндөй бол! Шартсыз, милдет жүктөбөгөн, сенден эч нерсе үмүттөнүп, күтпөй, жашоодо бар экениңе кубанып, чын ыкласы мн жакшы көргөн апаң бар, балам. Караңгыда карайлап, калсаң, жарыгым сага белен! #жөнэлеойлор