Жаңы ажырашканда эркектен алгач көңүлүң айланат. Тим эле итиркейиң келет! Баары эле оппокшош бп бир эле "бабник", "сволуч", "калпычы" "жеткен шүмшүк" бет кабын кийип алгандай көрүнөт. Көргөндө эле тырмана баштайсың, аллергия болуп. Өзгөчө "движение " кылып баштаганда тим эле "котур" болгон немедей эле тырманасың! " Экинчи эрге тийсем элеби! Өзүңө өзүң өмүр бою жалгыз жашап өтөм!" деген ант бересиң! Убакыт өтөт. Кечиресиң. Жүрөгүң жумшарат. Мээңдеги ылай тунат. Көп нерсе көрүнө баштайт, көзүң ачылат. Жаныңа жуутпай, "Желкемдин чуңкуру көрсүн! " дегендер мн сүйлөшүп көрөсүң. Сүйлөшсөөөөң эле ары жагынан жакшы эле адам көрүнө баштайт. Дагы жакшылап үңүлөсүң. Үңүлсөң эле алардын да сеникиндей жүрөгү, көңүлү, сезими бар экенин байкайсың. Ишенбейсиңер бирок "однолюбдарын" да кезиктирдим. Болгондо да аялдан көңүлү калып, экинчи аял алсам элеби дегендер! Анан аларды аяй баштайсың. Энелигиң ойгонуп, өлүп калган ичиңдеги "аялдыгың" тириле баштайт. Кээде ушунчалык аяйсың, жолунан адашып жүргөнүн көрүп, жетелеп, жолун таап, көңүлүнүн канаганын көрүп, таңып бергиң келет. Бергиң келет бирок коркосуң!
Мурунку жашооңду, таарынычыңды кое бергениңдин белгиси алгач башкаларды сени сүйүүгө уруксаат бересиң. Анан ичиңдеги кандайдыр бир инстинкт "Түгөйүңдү тап!"деп укуй баштайт. Бирөөгө башыңды жөлөп, эркелегиң келип, жүрөгүң сүйүү издейт. Ким жакшы сүйлөсө эле, "болочоктогу түгөй" деген текчеге теңей баштайсың. Мурунку тажрыйбаң жардамга келет. Мурункусу мындай болчу. Демек, тигиндейи керек деген эсеп - кысаптар башыңда пайда боло баштайт. Иши кылып өткөндөгү каталар кайталанбашы керек. Ошон үчүн кыздар, балдар, ооруган жүрөк айыгып, өлө албай жатып, өлөң айтат болуп, жаратынан жаңы айыгып алып эле жүрөк кургур сүйгүсү келе баштайт экен. Баары бүттү дегендер, бүтө элек! #жөнэлеойлор