Аялдын да түрдүүсү, түстүүсү, таттуусу, ачуусу болот.
Айрым аялдар эркекти анын жөн эле жашоодо бар болгону үчүн сүйөт. Ал арыкпы - торукпу, узунбу - кыскабы, байбы - кедейби маанилүү эмес. Анын жандында тынчтык табат. Ал байпагын башына кийип атса деле сүйкүмдүү көрүнүп, ичи эзилип, ысып турат. Андай аялдар баеоо келет. Жашоого күлгүн көз айнек мн карагандар ушулар. Жакшы сүйлөгөндүн баарына ишенип, кулак куюлуп эле тушуп калат. Адатта алар романтиктер. Көчөдөн какым үзүп берсең деле бүт дүйнөнү алып бергендей чоңойтуп көрөт. Жашоого реалдуу караган аялдар бар. Аларга жомок не канает! Бүгүн, азыр кылсаң, кылып кал! Кылбасаң, жолтоо болбой жогол. Мындай аялдын тиби мырзалардын өзүн эмес, алардын түзүп берген шартын сүйөт. Ал берген кучак толо гүл, унаа, батир, баскан - турганына акча...материалдык баалуулукту баалаган кишиге мындай шарт майдай жакпайбы?! Алдыңкы планга шарты анан кийин өзү чыгат. Кокус, ал адам банкротко учурап, шарты жок боло баштаса, башы оорбубай эле таштап кетет. Жүрөгү ооруп кыйналып, романтик аялдардардай бырылдап жылдар бою ыйлабайт. Бат эле башка шарты мыкты эркектерге аңчылык издеп жөнөйт.
Биринчи типтен экинчи типке өтүп кеткендер бар. Экинчи типте жүрүп, баарынан тажап, биринчи типке киргени бар. Туубаса, биринчи тип болуп, өмүр бою романтик бойдон калганы же өмүр бою реалист болгону бар. Ар кимдин өз тандоосу! #жөнэлеойлор