Чоң энем..өлгөнүнө таарынып жүрдүм көпкө. Энем мени кантип таштап кетти дедим? Куудураган алаканын жүзүмө сүртүп, таттуу жытын жыттай албай, баарынан качканда күрөң костюмунун ичине башымды ката албай, тизесине жатып алып, даттанып ыйлай албай, түшүмө кирген сайын өпкөм көөп, көз жашым жүзүмдү жууп, кучактап алып ыйлайм. Энем тагдырына карама - каршы келе албаган чыгар, же балким мени күндө көргөндүн айласы ушул десе керектир. Ата - энем ажырашканы эки жээкте калдык. Сагынычыбыз артып, эки дөө согушканда кор болгон эки чымын биз элек. Энемдин көлөкөсү сыңары, этегинен чыкпаган жаным энемди этеги жок дан дүйнөм үшүп, коркуп, жалгызсырап жүрдүм. Өлгөндөн кийин кудайдын куттуу күнү күндө келди түшүмө. Тизесине отурам мурункудай, бабырап сүйлөп берем. Жаңылыгымды айтам. Жытын жыттайм. Энемдин да, менин да кумарым канып, көкүрөгүбүз толуп, жыргап калабыз. Азыр түшүмө кирбейт. Кааласам да, чакырсам да изи жок. Киндик байланышыбыз үзүлүп калган сыңары алыс. Энем мага ынак эле. Уулум айткандай периштеликтен баш тартып, жанымда болуу үчүн балким кайра жаралгандыр. Жанымда жүргөндүр...деп жоошутам. Энемен кийин баардык энелерди жакшы көрдүм. Энемдин жылуулугун издедим, мээримин күттүм....бирок эч ким энемчелик боло албады.