"Атыңызды ким дедиңиз?" 1. Көзүндө кабыландын карашы жаткандар, айбаты арстандай барлар, руху - духу күчтүү, намыска бектер, атыңызды ким дедиңиз?
2. Буттан жаңылса жаңылгандыр, бирок ооздон жаңылбайт. Сөз - ок. Бир жолу чыктыбы, кайра кайтарылбайт. Айттыңбы, аткар дегендер, ананайындар, бар болгула!
3. Оңой мн жаңжал чыгарбайт бирок жеткен чегине жеткиргенде тумшукту түздөй койгондор (аялдыкын эмес албетте) , анча - мынча селпектегендерден "жалпак жөжө" жасаганды билгендер, таанышып алсак болобу?
4. Сүйлөгөндө орундуу сүйлөп, жаагың талып, макияжың агып калгыча тамашанын калемпирин чыгаргандар, кайдасыңар, каражандар?
5. Орусча - кыргызча ж.б. тилде сабаттуу жазып, кайсы гана жааттан суроо бербе жообу даяр болгон акылдуулар, акылыңардан чимирилели!
6. Аялдын сезими мн эсептешип, кирпигибизден кайсы шубаны каалап, ичибизден эмне деп тибиреп атканыбызды окуп, көзүбүздүн агы мн кошо айлана алгандар, романтикага бөлөп, көңүлүбүздү көтөрүү үчүн чуркагандар....ийййий өлүп эле кетебиз го!
7. Чөнтөгүнөн чыгарган сайын чыгып эле, балпалактап турган жоомарттар, кайсы жолдуулар мн жүрдүңөр экен???
8. Эмгекти сүйүп, өсүштү билип, өзүнүн үстүнөн иштеп, тубаса лидер сапаты барлар, саныңар көбөйсүн!
9. Аял дегенде аяр карап, бирди сүйсө, миңин чанып, бирөө үчүн өмүрүн бергендер, однолюб байкелер, каяктасыңар? Кызыл китептеби?
10. Караңгыда жол таап, капилеттен сөз таап, даанышмандыгы , акылмандыгы, көкүрөгү көзүнөн мурун көргөндөр, жомоктон жөө чыксаңар да, келгилечи жашообузга!
P.s.Кыздар, табиттергилерди туура эле жазыптырмынбы? Эмдигиде табиттен сырткары чыгып кеткендерди жазам. Тоюс, жазылуу батпай калды. #жөнэлеойлор