Идеалдуу деген түшүнүктүн өзү жашабаса керек. Бүтүн дүйнөгө төрт тарабы төп келип турса да, менин дүйнөмө төп келерин кайдан билем? Менин дүйнөмө сыйган башкасына ашып түшөр, же жетпей калар. Эл айткан, алар чийген идеалдуулукту кууп жүрүп, көңүлүңдөгүнүкүнөн кур калуу жаман. Бактысыздык. Өмүр бою чактап, чак келиши үчүн өзүңдүн көзүң менен эмес элдин көзү менен кароого туура келет. Менин идеалдуу дүйнөм эң оболу көкүрөк дүйнөмө туура келсин. Ырахатын, жыргалын өзүм көрөм. Сырттан карагандар балким түшүнбөшү ыктымал, сын айтып, таш ыргытып, соттоп, чийгилеп, сызып, жаратпашы мүмкүн. Бирок ал менин дүйнөм. Аны мен көзүмдүн карегиндей сактап, коруп, башкалардын үстөмдүк кылуусуна жол бербей, көнө келсе, аалам каршы чыкса да, каршы туруум кажет. Меники, мага майдай жакканы, көңүлүмө чак келгени - кымбат! Баарынан кымбат. Чечимиңдин артында тур! Ооп кетпе, тарттырып жибербе, тизгини карматпа! Өзүңдүн дүйнөңдү өзүң жарат, өзүң кооздо, өзүң автор бол! #жөнэлеойлор
P.s. Менин өйдө - ылдыйым, кемчилик - артыкчылыгы бар дүйнөм кимдир бирөөнүн дүйнөсү үчүн идеалдуудур!
____________________________________________________
Жашоомо эмес жүзүмө гана сүрөт тарттырганга уруксаат берем! Сулуу кыздын сүрөтүн тарткан визажист сиңдим @aigera__vizazh колуң дарт көрбөсүн! Бактылуу бол!