Мекенден алыс , бирок мекенге ушунча жакын адамдар. Ала тоо үчүн жанынан баш тартканга даярлар. Кыргызстандын акыбалына биз бир ыйласак, миң ыйлаган, бир толгонсок, миң толгонгон уул - кыздарын көрдүм, тааныштым, сырдаштым. Батып бараткан кемени алып чыга турчулар бар экен деп өчүп бара жаткан үмүт тутанды. "Бизди тентип жүрөт дешет. Биз тентиген жокпуз. Турмуштун чоң университетиндебиз. Бүтүрүп алган соң, кайтып, топтогон тажрыйба, чыйралган демибиз мн элибизди сүйрөйбүз"дешти. "Өлкөдөн узак калган адам гана өлкөнүн кадырын, баркын билет. Мекенде жүргөндө ага болгон мынчалык кусалык, сүйүү, аеоо сезими ойгонбойт беле?" дешти. Бөлүнбөй, бир болгонду, муштумдай түйүлгөндү үйрөнүшүптүр. Жети облустун балдары бир атанын жети баласындай аркасын аркасына жөлөп, Аска зоо болуп, бири бирине күйүп жатышыптыр. Бирин бири сүйрөп, колдоп атып, мигранттын далай маселеси чечилип, Маскөөнү багындырганга киришиптир. Кафе, кинотеатр, сулуулук салондорду, окутуу жайларды ж.б. бизнестерди ачып, боортоктоп боорун сыйрыгандар, тизелеп, тизелеп, тизесин канаткандар өйдө туруп, там - туң басып калганга жарашыптыр. Советник Азамат элдин баарына бизнес жаатында кеңеш бере бергени үчүн "Советник - кеңешчи " аталыптыр.
Надыр мырза менен Акжол мырзанын жан дүйнөсүнүн тазалыгын бир көр! Оош - кыйышы көп турмуш менен боору жок Маскөө экөө бириксе да буза албаптыр аларды. Бирөө жылаңач жүрсө, акыркы ыштанын чечип берип, жылаңач жүргөнгө даярлар экен. Акбар мырза оозун ачса, жүрөгү көрүнүп, мекен дегенде жүрөгүн сууруп , салып бергенге даяр экен. Ушунча жакшы көрдүм. Эркеледим. Өз үйүмдөй сездим. Агаларыма чын дилимен ыраазымын. Силердей атуулдар турганда калганы кеп эмес. Мекен башында сап баштап турсаңар, туура жолго жөнөйбүз.