Бирөөнүн турмушуна кейийбиз, кепчийбиз, кеңеш беребиз, кийлигишебиз, жектейбиз, жек көрөбүз, наалат айтабыз. Миң анткен менен турмушунун жүгүн өзү көтөрүп баратат да ал шордуу. Кара терге түшүп, кабыргасы майышып, тиштенип, миң аңга түшүп, аңдан чыгып, жаңылып, жазып, жаза басып, жайдак басып... Баарыбыздын бул жалганда көтөрө турчу жүгүбүз бар. Бирөөнүкү жеңил чыгар, бирөөнүкү ат көтөргүс. Бири бирибизге миң жөлөк болуп, бул турмушта жүк көтөрүшкөн дос, тууган, жакыны болбойлу, Жараткандын алдына жүгүң мн жалгыз чыгаарың анык. Эсебибизди берип алдында жалгыз тураарбыз. Кимибиз баш шылкыйтып...кимибиз типтик туруп...Ошон үчүн бирөөгө сөөмөй кезеп, бирөөнүн айбын айтып, бирөөнү сөз кылып, үстүртөдөн карагым жок. Үстүртөдөн кайсы арыма карайм? Үстүмдө жүгүм турса... "Адамдарды катасы менен кабыл ал" деди турмуш. Кабыл алдым. Шыпшынып, шекшинсек да жөн гана ар бир адам өз оозыйпасын аткаруу менен алек. Андан көрө өзүң менен алек болуп, өзгөнү коюп, өзүңө көмөк бол....
#жөнэлеойлор