Бүгүн апамдын туулган күнү! Менин жалгыз эле апам бар. Апамдын жалгыз эле кызы мен. Биз бири биризге тирек, жөлөк, караан болдук. Апамдын жалгыз башына арабаны сүйрөп жүргөнүн көрүп өстүм. Ар кандай күндөрүбүз болду. Өйдөсү болду, ылдыйы болду. Тиштенип, тырбалаңдап, аракет кылып, бүгүнкү күнгө жеттик. Апам мага адалдыкты, эмгекти үйрөттү. Бала бактылуу болуш үчүн энеси бактылуу болуш керек экен. Болбосо, миң бактылуу болгон күнү да оюңдун баары апаңда болот. Ал кайгырса, сен кубана албайсың. Ошон үчүн баламды бактылуу кылыш үчүн мен бактылуу болууга тийишмин. Кудайдан жатып туруп, ата тилегениме көп болду! Ушул апам сүйүүгө мас болуп, бакытка тунуп турганын көрсөм, арманым жок өтөөр элем. Бала сындуу дүйнөсү аруу, комузда кол ойноткон, чачы жер чийип турган сулуу апам бакыттын туу чокусуна татыктуу! Мен миң жакшылык кылып, көзүнүн агы менен айланып турсам деле өзүнүн жеке бактысына тунуп турганга жетпейт өңдүү. Биз уядан учтук. Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел! Туулган күнүңүз менен, апа! Мен ар бир бийиктигим, ийгилигим сиз үчүн!
____________________________________________
@bishkek_flowers гүлдөрдүн ханышасы силерде! Апама жарашкан букет үчүн алкыш! Апам гүл жакшы көрөт.
@thefaceshopkg апамды жашартканга салымыңыз үчүн рахмат. Сонун кремдерди алдым.
@talisman.kg бүгүн апамдын туулган күнүн өткөрүп берүүдө. Тамактын даамдуусу, сонун маанай баары бар! Алкыш силерге, достор! Эненин көңүлү баалуу!