- Апа, гопник келе жатат. Кач. - Гопниги эмнеси, кокуй?
- Алар адамдын түрү. Көбүн эсе чемичке чагып, же бөтөлкө көтөрүп, сөгүнүп, жерге түкүрүп - какырышат. "Адидас " маркасындагы спорттук кийим кийишет. Адамдарды коркутуп, акчасын алганды жакшы көрүшөт. Кыскасы, тарбия көрбөгөндөр.
- Ар бир эле адам гопник боло алабы? Алар каяктан, кантип чыгат?
- Алар сүйүү көрбөгөн, көп төпөш жеген катуу үй бүлөдөн же тескерисинче баланын көзүн көп карап, эмне сураса, сатып бере бергендерден, көп эркелеткенден чыгышат. Ата - энеси камсыздаганы үчүн колунан эч нерсе келбейт алардын. Анан ушундай жолду тандап кетишет. - Анда сен деле гопник экенсиң го? Биз деле сен сурагандын баарын алып беребиз го? Анан да аябай эркелетебиз. - Жоок, силер эркелеткен менен мен жамандык жасай албайм да бирөөгө. Бирөөнүн көңүлүн ооруткум келбейт. Анын үстүнө оюнчук алдыргым келбей калды. Бир ойноп эле кызыкпай калат экенмин. Жөн эле акча коротпоюн деп чечтим. Көп оюнчугум жөн эле жатат. Сатсак да болот аларды. - Жетим балдарга алып барып берсек кандай дейсиң?
- Жакшы болот. Карылар үйүнө барганда аябай сүйүнүшпөдү беле? Алар да сүйүнүшөт. Бирок сынык оюнчуктарды ыргытып эле салалы. Бүтүн, жаңы оюнчуктарымды берейин. Ансыз деле алар мээрим көрбөйт да. #Ариет
Балам экөөбүздүн бүгүнкү баарлашуубуз. Кечинде иш жолугушууман чыгып, караңгы көчө мн келе жатып, чемичке чагып, жерди булгап келе жаткан "гопниктерди" көрүп калып, башталып кеткен маек.