9213   626
                                              
            
            
            	
            
            
            
            26.06.2020
			
            
            
			Жаздык..жан дүйнөңдүн жанчылганына, жыргалына күбө болгон жаздык.
⠀
Жазданып алып боздоп - боздоп ыйласаң, үнсүз угуп берет.  Махабаттын айдыңында арзууңдун аруу дүйнөсүнө күбө болгон да жаздык.
⠀
Уйкуга көөшүлүп кирип, кирпигиң кирпигиңди тарта баштаганда да,  жүрөгүңдүн түпкүрүнөн каалгып чыккан ойлоруңду калпып алып, сиңирген да жаздык.
⠀
Жаздык...жалгыздык жанды сууруп атканда жаныңда караан болуп берген жаздык. Үшүсөң, бүктүшүп, койнуңа кысып, бүтүндүккө айланып,  бүт дүйнөгө кайыл болуп жатсаң, сен ыраазы, жаздык ыраазы.
⠀
Жаздык, эй, жаздык, жараткандын жазмышын тең бөлүшкөн жаздык, жумшактыгыңа да, жубатканыңа да рахмат!
⠀
#жөнэлеойлор
Жакшы жаткыла, жаздыкка башы тийгендер!
_________________________________________
Сүрөттү тарткан:  @san_imanov 
Боегон:  @venera_vizazh 
Тартылган жери:  @maryotel_bishkek