Жандарым менин, "Катыма жооп бербейсиң. Арманымды укпайсың"- деп таарынасыңар го. Ошол тууралуу сүйлөшкүм келди. Ар бириңдин жан дүйнөңдү айыктыра турчу сыйкыр таягым болгондо ойлонбой туруп, шилтей бермекмин. Тилекке каршы, сыйкырчылыгым жок. Болгон сыйкырым - сөзүм. Көкүрөгүмө, андагы аруу сезимдерге малып анан сунган сөздөрүм, жөн эле ойлорум бар. Азыр мен изденүү, ойлонуу, жашоомду, өзүмдү жакшы жакка өзгөртүү мн алекмин. Алекмин, бирок башкаларды өзгөртүү үчүн даяр эмесмин. Ага күч, билим керек. Катыңарды жоопсуз калтырсам, кечирим сурайм. Бирок, сизге көмөк көрсөтө турчу атайы адистер бар. Аларга кайрылып көрсөңүздөр болот. Өзүңдүн үстүңөн иштеген сонун нерсе! Көзүбүз дайым сыртта. Сырткы дүйнөнү аңтаруу мн алекпиз. Бирок ошол көздү ички дүйнөгө, өзүңдүн жеке дүйнөңө каратып, ошону аңтаруу, жыйноо, таануу мн алек болгонубузда эчак бактылуу болот белек?! Анткени бакыт биз издеген сырткы дүйнөдө, башка адамдарда эмес. Ал ичибизде катылуу. Мен кайрылган мыкты адамдарды белгилеп койдум. Балким силерге да жардамы тиер. " Акчасы көп экен. Кымбат экен"- деп шылтоо издебей, өзүңө, өзүңдүн бактыңа, өсүшүңө, билимиңе салым кош!
ЭЛ АРАЛЫК КОУЧ, ТРЕНЕР, ЖАШООГО МАШЫКТЫРУУЧУ - @maksat_muktarov,
ПСИХОЛОГ @daniyar.chormoshev , ПСИХОЛОГ @altyn.rysbekova ,
ТРЕНЕР, КОУЧ @ryskulova.aksana
Ушул адамдардын сабагына катыштым. Мага жардам берди. Силерге да пайдасы тиер. "Телефонун, дарегин жаз. Чайнап эмес жуткуруп бер" дегендер, ар бир адамдын белгиленген баракчасына кирип, өздөрүнө кат жазганга дараметиңер, акылыңар жетет деп ишенем. Баарыңарды жакшы көрөм. ♥