Күн сонун тийип, көк чөп жер жарып чыгып, Жаратылыш өз нугунда бейкапар жашоосун улантууда. Адамдар үйдөн чыкпай, суулар, аба тазаланып, жан - жаныбар тынч жашап жатса керек. " Тазалануу, аруулануу жүрүп жатат го "- деп койдум. Балким ушул нерсе абдан керек болчу жана балким боло турчу мындан да оор кырдаалдан, катастрофадан сактап жаткандыр. Жөн эле эч нерсе болбойт. Биз өмүрдүн баркын сездик. Өлүм мн маңдай - тескей келгенде гана өзүңдү тескеп, жашооңо кылдат көз чаптырасың. Болбосо, балдарыбыздын көкүрөгүн качан сезип, өрүктүн гүлдөшүнө качан көз салдык эле? Акчанын артынан чуркап, дүйнө топтоо мн алек эмес белек? Бир саамга токтоп, тегерекке көңүл коюп, өзүбүздү тыңшап турган маалыбыз. Нөшөр, бороон - чапкын күндүн баркын сездириш үчүн бар. Бүгүнкүдөй оор кырдаал жашоонун даамын берүүдө. Канча жашаарыбызды ким билсин? Бирок бүгүн, азыр жашаганга мүмкүнчүлүк бар. Жаша! #жөнэлеойлор
P.s. Кечинде Германиядан сиңдим чалып, - Астматиктер анан иммунитети аздар биринчи кетет. Бекем кыс да үйдө жат,- деди эле. Кысып атам. Балким дүйнөгө пайдам тийип калаар.