Аял деген ким ал? Менин элесимдеги чыныгы аял ал ажары ак таңдай сөгүлүп, акылы караңгыны жарык кылып төгүлүп турган, мээримге жуунтуп, сүйүүсүн сүртүп турган, мамыктай мамилеси жумшак, очокто от күйгөндөй жылуу, назиктикти гүлдөн талашкан, аруулугу тоо чокусунда жаткан мөңгүдөй, илбериңки, өзгөчө жан элестелет. Жараткан аялды жаратып атканда өзүндөгү толуп - ташкан мээрими мн сүйүүсүнөн белендеп кошуп, сулуулукту улуулук мн жууруп, көңүлүн салып, эргүүсүн берип жараткан сыяктуу. Намысын арттырып, күчүн толтуруп мырзаларды коргоосуна алсын, кастарлап жүрсүн, аярлап сүйсүн деген чыгар? Мен - аялмын! Эркелеп, эргүү мн жашаган! Ааламды кооздоп, гүлгө айлантуу менин каалоом. Майрамың менен, улуу зат - аял зат!♥ #жөнэлеойлор
📸 @djanjyldyza