Мага окшоп болгон жанга боор тартып, бырылдап ыйлай берет. Жан балам жушак жүрөгүң таштай сезими жок турмушка чыдаар бекен деп санаам тынбайт. Көз жашымды, же алсыздыгымды көрсөткөндөн чочуркайм. Көзүмдүн тамчысы балалык назик жан дүйнөсүн миң чачыратып, заманасын кууруп жиберет. Ыйлагым келсе, ал уктагандан кийин бышактайм. Анын көзүндө бактылуу, жайнап турган, күчтүү аял катары калгым келет. Балалыгын эстегенде кайраттуу, жашоого күлө караган эне тартылсын. Атасы да ал үчүн болуп көрбөгөндөй күчтүү каарман. Анын орусча адабий сүйлөгөнүн, акылдуу ой жүгүрткөнүн, ал тургай ал жасаган мимиканы кошо жасап, туурайт. Эки сөзүнүн бири атасы кандай акылдуу жана баардык суроонун жообу анда экенинде. Атасын айтканда көздөрү жайнап, толкундана түшөт. Мен болушунча шыкактап, баламдын ар бир сөзүн кубаттайм. Анын жомогун, укмуш элестерине чаң жугузгум келбейт. Кастарлап, көлөкө түшүрбөй, кайтарам. Напназик, жупжумшак жүрөгүңдүн, таптаза, кир жуга элек жан дүйнөңдүн кароолчусумун балам. Бул кылганым канчалык туура билбейм! Кир дүйнөгө балким туруктуу кылып тарбиялоом кажеттир, бирок кайсы эне өз баласына чаңды, ылайды ыраа көрсүн?! Таза дүйнө кир дүйнөнү тундуруп, жумшактык катуулукту жеңет дейм. Ошого ишенгим келет. Болбосо, энелер согушка даярдагандай балдарын зөөкүр тарбиялай берсе, дүйнөнүн сулуулугу кетип, Жер шаары огунан чыкмактыр. Энелигим сени адам кылып тарбиялап, мыктыдардын катарын толуктаткысы келет. Багытың түз болсун, уулум. ♥ #жөнэлеойло