Чоочун адамдар миң жамандап, төпөштөп, үстүңөн ылдый жугунду куйсун баары бир. Алардыкы тийбейт. Өтүп кетет оңой. Бирок найза болуп көкүрөк тушка саптала турчу сөздөр, мамиле жүрөгүңө киргизгендерден чыгат. Эң жакын адамың гана болушунча бутун сүртүп, каалагандай калчап, баркыңды баткак кылып, кадырыңды кактап кетет. Ал ата - энең, бир тууганың, досуң, жарың, жолдошуң, балдарың, тууганың болушу мүмкүн. Эң жаманы да аларды жашооңон чыгарып, биротоло жогото албайсың! Көп учурда багынып, тебеленип беребиз да, жашоонун соңунда биротоло оорукчан болобуз. Бакыттын даамы кетет. Эзилген бойдон жашообузду өткөрөбүз. Кандай өкүнүчтүү?! Токтотуп туруп, баарын үзүп, өзүң үчүн башкача жашоого баштаганга баарынын эле кудурети жете бербейт! Айрымдары андай кордукту кабыл алат да, " тагдыр экен" деп моюн сунуп, өмүр бою эзилип жашайт. Ойлонуп көрсөм, Жараткан мага " эзил, азап көр, кыйнал" деп жашоону бербесе керек? Мен да Жараткандын жаратманымын. А эмнеге башкаларга зулумдук кылууга, эзүүгө уруксаат беришим керек? Бир келген өмүр! Бул репетиция болчу эле деп кайра жаралганга мүмкүнчүлүгүм жок! Мен жыргап, бактылуу, өз бактыма, жашоомо эгедер болуп жашаганга, өзүмдү сүйгөнгө, бийик койгонго акым жана укугум бар! Жашоомдун соңунда артыма кылчайганда мен тарткан сүрөттөр калсын өмүрүмдө. Кооздоп, түстүү, жан дүйнөм менен эргип тарткан сүрөттөр! Бирөөнүн тагдырымды башына кийип, чиймелеп кеткени болбошу керек. #жөнэлеойлор