Тилин, оюн көзөмөлгө алып жашаш оорбу адам баласына? Арамданып, аңдып, тилдеп, каргап ... дейин десең пендебиз да. Жараткандын берген сыноосунан ар ким ар кандай өтөт. Тилин тарта албай убара болгону бар. Бирөө оюнун азабын чегет. Миң жолу жаңылабыз. Миң жолу оңдонобуз. Ката кыласың. Жаза басасың. Бетиң укмуш кызарат кылыгың үчүн. Анан экинчи кайталабай каласың. Бет кызарбаса, миң жолу кайталайсың, анан бир күнү ушундай чокуга жейсиң. Экинчи айранды үйлөп ичип каласың. Көрсө, ката, жаңылыштык сонун нерсе тура! Ошон үчүн азыр "Эмнеге ушундайбыз?" деп наалыбай калдым. Ушундай жол мн өтмөйүн оңдолуш кыйын болот. Бийик Адам болуш үчүн алгач паска түшүп көрүү кажет окшойт! Бала деле баарын оозуна салып, даамдап, жыттап, жыгылып, күйүп, чекесин жарып көрүп анан үйрөнөт да. Балага "Чайнек ысык. Күйүп каласың!" деп миң кайтала. Күйүп көрмөйүн билбейт. Жон териден өткөрүү кажет экен. Бирөөнү ушакта. Аябай! Сөөгүнө жеткире. Ушактаган адамың мн жүз көрүшүп, анын жан дүйнөсүн билип, анын терезесинен баш бакканда гана ыңгайсыз абалга түшкөндө гана бирөөнү билип - билбей сүйлөгөн кандай жаман экенин билесиң. Бирөөнү уруп көр. Кийин өзүң таяк жегенде гана кандай этиң ооруурун түшүнөсүң! Бирөөнүн ырыскысын жеп көр. Кудай кустурганда гана экинчи башканын ырыскысна көз артпай каласың. Текебер бол. Тепкиде калганда гана шүгүрчүлүктү үйрөнөсүң. Төбөгө жемейин, өзүбүз эле акылдуу болуп, айттырбай, этекке чаптырбай билгидей адатыбыз жок өңдөнөт адам баласынын. Кылгылыкты кылып, кыл жип мн бууп анан кыйындыкка өтөбүз. Ошон үчүн пенделиктин кылыктарына наалыбай, кейибей, кепчибей, өзүбүздү ак карга сезбей эле сырттан абай салып, башканынбы, өңүбүздүнбү жаңылыштыктардан жакшысын алып, сабак кылып, үйрөнүүбүз кажет экен... #жөнэлеойлор