"Таш боорсуң, мерезсиң! " деп урушаар элеңиз. Билем, агай! Ага кошуп оройлугум да бар. Ойлондум, агай сөзүңүздү. Ал жөн гана тарыхтан алган сабагым экен. Тарыхтагы боорукер, мээримдүү, жумшак аялдарга коом катуу мамиле кылыптыр учурунда. Балким ал мүнөзүм мн өзүмдү сырттагылардан коруп аткан чыгармын. "Ой, агай, өзүм жалгыз бой келин болсом, жылуу карагандын баарына эле мээримдүү, боорукер боло берсем, эмне тамтык калат менден?" десем, бооруңуз калбай күлдүңүз. Өзүңүз болуп көрбөгөндөй жумшак, мээримдүү элеңиз. Балким, карындашыңызды өз дүйнөңүздөй тарбиялайм деген чыгарсыз...
Сиз жазган күнү бизге майрам эле. Бири бирибизден "Агай бата кетирдиби?" деп сурачубуз. Сизден бата, тилек келген күнү ишибиз оңунан чыкчу анткени. Ырымдачубуз. Сиз жакшы жакка, жыргап кеткендей жүрөгүм тынч негедир. Көңүлүңүз ачыктай туюлат. Кеп узун жашашта эмес экен. Кеп маңыздуу, маанилүү, кызыктуу өмүр сүрүштө экен. Бул сизден келген дагы бир сабак болду. #жөнэлеойлор