Таланттары, адамгерчиликтери ченесең, ченелгис агаларыбыз, эжелерибиз, инилерибиз эмне деген гана чыгармаларын, кыт кылып жүрөгүбүзгө уютуп , элестерин көкүрөгүбүзгө түбөлүккө кагып, издерин тарых бетине калтырып коюп, баса беришти! Сиздердин ордуңуздар бош калды. Миң каңырыгыбыз түтөп, көз жашыбызды он талаа кылсак дагы, кайрылбассыңар...Жаратканым, мээримин төгүп, койнуна алсын, бейишин берсин! Тынч жаткыла, агаларым, инилерим, эжелерим. @kanysh_97 сиңдим Элмирбек агам мн болгон интервьюну көрүп, жазгандарымды окуп отуруп, эргүү келди деп, көзү этип кеткен белгилүү инсандарыбыздын элесине арнап чыгарма ойноптур. Ыраазыбыз сага, @kanysh_97 !!