"Уулум, бул сенин таятаң" дедим сүрөттөн көргөзүп . "Айиий, сулуу киши турбайбы! " дедиң. Сен экөөбүз тең ага окшошпуз. Өзгөчө ырсактап тийишип, тамашалашып, какшык аралаш сүйлөгөн жагыбыз окшош ага. Музыкалык талантың, чопо чоордо ойногонуңан бери окшош. Атасына таарынган кыз жашоосунан бакыт таба албайт дешет. Ажырашканда гана кечире алуу күчүм ойгонду. Анткени таарына турчу дагы бир адам кошулуп, көтөргөнгө жүгүм оор болуп калды. Көтөргүм да келген жок. Уулуң турганда эркек аттууга таарынуу оңой эмес иш экен. Мен сени жакшылап тааныш үчүн, эркектик касиетиңди өстүрүп, тебелеп албаш үчүн аларды жакындан таанып, кабыл алып, кечирүүм керек эле. Аталар ар кандай болот экен турмушта. Жаралганыңа эле көмөк кошуп, жашооңон биротоло четтеп кеткени болот. Анын миссиясы жөн гана жаратууга жардамчы болуу. Ал тургай ал өзүнүн жоктугу менен болуп көрбөгөндөй эбегейсиз сабак берет. Кандай сабак бере алганын өзүнчө жазаармын. Айрым аталар үйрүлүп түшөт. Коруйт. Баласы үчүн дүйнөгө каршы чыкканга даяр. Аталар бар. Сенден алыс жашайт, бирок баласынан кол үзбөйт, жардам берет, жанында экенин сездирет. Аталар бар. Апасын да, балдарын да күм - жам кылып күндө төпөштөйт. "Ушундан көрө жер кучаткап жатса не?" дешет балдары. Жек көрүшөт. Аталар бар. Жер кучактап жатышат. Алар сөөлөтү, аты, качандыр тирүү кезинде калтырган элеси, баскан турганы мүнөзү мн тарбиялашат. "Атам мындай болчу! Атам тирүү болгондо..." деп тарбияланат алар. Аталар көп. "Ата" деген сөздүн түпкүрүн ар ким ар кыл кабылдайт. Аталуу кандай экенин билбейм. Атага эркелөө, анан сүйүүсүн сезүү кандай экенин да көргөн эмесмин. Бирок, мени жаратканга коңкон салымы үчүн ушундай ыраазымын. Ал менин жашоомдун бир бөлүгү. Кандай гана болбосун кабылдоого тийишмин...#жөнэлеойлор