Шар аккан суудай, жолумду издеп, шашып агам. Урунам, согулам, бирок токтобойм. Токтодуң дегиче эле сазга айланасың. Безилдеп, күндөр алмашкан сайын жаңылык издейм. Маалымат мн толуктайм. Ачылыш жасайм. Өз дүйнөмдү аңтарам. Тааныган сайын жашоо жеңилдеп, анын мааниси чыгып, өңү ачыла түшөт. Отчет берем. Анализдейм кадамымды. Өткөн күн кандай сабак калтырды, учурда кандай сезим ыроолоп турат, алдыга кандай максат коем. Эркиндик, жан дүйнөнүн тынчтыгы, сүйүү. Үчөө эриш - аркак жашооңо орногондо бакыттын даамы келет. Көз каранды болбосоң, өз жашооңо ээлик кылсаң, чечимди өзүң чыгарып, кадамды ишеним мн таштай алсаң, эркиндик. Кыжалаттык жок болсо, санааң тынч болсо, болбогон ойдун олжосу болбосоң, тынчтыктын келгенин билдирет. Сүйүү эң таттуу сезими ушул. Аны өзүңдү сүйүүдөн баштап, айланага чачасың. Гармонияга, бакыттын балкыган демине жетиш үчүн көп нерсени үйрөнүп, анализдеп, мүдүрүлүп, кайра туруп, сабак алып, китеп окуп, өзүңдү изилдеп жүрүп жетесиң. Токтобойлу, достор. Шар аккан суудай шартылдап, жол жиреп, жолубузду таап өтөлү. #жөнэлеойлор