Бул баш кийим шөкүлө деп аталат. Кыз турмушка узап атканда илгери кырк өрүм чачын жандырып, жеңелери эки өрүм кылып өрүп, шөкүлө кийгизип, кошок кошуп узаткан. Кыргызда кызды "Эти биздики, сөөгү силердики" дешкен. Анын мааниси биротоло кыз кайын журттун бүлөсү болду, сөөгү ошол жактан чыгат дегенге кептелген. "Эрден чыкты" деген түшүнүк болбосо керек ал учурда. "Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт" деп эби жок эле төркүнүнө каттай бергенди жакшы көргөн эмес. Кызды келин кылып алып келген соң , кайын журту шөкүлөсүн чечип, башына элечек орогон. "Элечек ороо" салты да өзгөчө өткөн. Орогон аял бүлөлүү, бала бакыралуу, барктуу аял болгон. Жаңы келин да анын жолун жолдосун ырымы ал. Бул шөкүлөнү, кийим кечегибиз, элечегибиз, шөкөтөөлөрүбүзгө чейин жасап, карап, кыргыздын каадасын, салтын, маданиятын улап, дүйнөгө таанытып жүргөн жанымдагы эжем Айдай Асангулова. @kiyizduino