Татарстан. Казань. Түрк дүйнөсүнүн журналисттер курултайына мүчө болуп катталган кез. Түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрү чогулганда бири бирибизди таап алгандай, дүйнөнүн төрт тарабына тагдырдын буйругу мн үзүлгөн шурудай чачырап кетип, жипке кайра тизилип, башыбыз биригип аткандай сүйүнөөүз. Баарыбыз бир ата, бир энеден тараган бир туугандай сагынышып көрүшөбүз. Тилибиздеги окшоштуктар, уйкаштыктарды издеп, салыштыруу башталат. Ар ким өз өлкөсү тууралуу дилгирленип айтып, тарыхын, таржымалын тасмал кылып жая баштайт. Кайсы гана конференция, кайсы гана курултайга , фестивалга барбайын казак, өзбек, кыргыз табышып алабыз да үч козудай ээрчишип жүрөбүз. Кээде коңшуларыбыз мн таарыныша кетмей жайыбыз болоттур, бирок алыста дайым биргебиз. Кадимкидей колдоп турабыз. Казань сулуулугу, тазалыгы мн эсте калды! Түндөсү жаштар уктабайт экен. Анткени аларды кайнаган жашоосу башталат. Супсулуу кыздары, жигиттери жасанып чыгышып, таанышуу, пикирлешүү, махабат башталат. Көп өлкө кыдырдым. Татардын сулуу кыздары гана өңгөч тарттырды. Тамагынан гана бир аз кыйналдым. Фри картошка, лагмандын камырындай кесме көп жешет экен. Орустардын тамагы үстөмдүк кылганын байкадым. Улуттук тамак катары кадимки эле биздикиндей быжыга окшош ичеги карындан жасалган тамагы келди. Волганын сулуулугу, имараттардын тарыхы, тазалыгы эсте калды.