Кыз дегениң кылыктуу келет. Сезимдерин көзүнөн эле байкайсың. Уялыңкы көз караш уялап, тике карабай, ала качып калат көздөрүн. Сөздөрү таамай чыкпай, буйтап чыгып, ал тургай, басканда да жерге тиер тиймексен учуп басат. Деми элеп - желеп энтиге чыгып, жүрөк кургурга канат байлап эле койсоң учуп чыкчудай. Көзүбүз көргөнүн сыйдыра албай, кулак укканын сиңдире албай убара. Дүйнө ушундай кооз көрүнүп, анын кооздугун, сулуулугун эми эле байкагандай аң - таң карап, жашагың келип, жашаткың келип...деги койчу, эзели чыкпаган өң өңүнө, түс түсүнө чыгып, дүйнөң башка өңүттө чыга келет. Тамагыңан тамак жылбай,, чала - бучук алган абаңа эле курсак кургур тоюп, көмөкөйдөн эч нерсе өптөй, көкүрөк тоюп турат. Ашыктык дейт аны. Дендароо мас кылып, дениңди жаш кылган. Жаш өткөн соң, жашоонун баардык өңүн жатка билген соң, башыңа келсе, баягы кыз кезиңдегидей делбектейсиңби ким билет? Болбосо, ал келгенде делбектеп жүрүп күйгөн күйүгүңдү тырмалап, кетенчиктеп качасыңбы? Дагы келеби жаз жан дүйнөгө? Мурункудай макоо болуп, алданып, күйөрүңдү билип туруп күндү көздөй чуркайбызбы? #жөнэлеойлор