Жаңы эфирге чыгып баштаганда эшиктен эл тааныса, ыңгайсыз болуп, далай ыйладым. Жөнөкөй, карапайым, кара кыз болсом, кээ бири "Мага эле окшош түрү суук кыз экен. Мени деле боеп койсо, мындан сулуу болуп чыга келем" дегени болду. Башыман ылдый тиктеп карашат. Сөөмөйү мн кезешет. Ар кандай сөз айтышат. Айтор, көнүш кыйын болду. Көпкө чейин качып жүрдүм элден. Азыр деле жупуну жүрөм, бирок элге сиңгенди, аларды түшүнгөндү үйрөндүм. Титиреп, аптыгып, кызарып кеткен күйөрмандарым бар. Ичимен ызаат көрсөтүп атышканына кубанып калам. Элдик адам болуу сонун. Сыйды, сүйүүнү сезесиң. Эркелейсиң. Жан тартып, боор тартып, мени мн кошо күлүп, ыйлаганыңарды сезем, туям. "Кандай жардам керек болсо, кайрылыңыз!" деп турганы бар. Мен силер мн сырдашам, сырыңарды угам. Катталып, жөн эле ойлорума ортоктош болгонуңар мени сүйүнтөт. Сыртта жолугуп, батасын берип, жылуу сөз арнаганы андан көп. Ыраазымын!♥