1650
12.09.2019
Бирге түтүн булатып, бир жаздыктан чачыбыз агарсын деген тилек менен баш кошкон жубайлар ортосунда өздөрүнө тиешелүү жазылбаган мыйзамдар бар. Ата-бабалардан калган салттык эрежелерге таянсак, аял үйдө эркектин жаманын жашырып, жакшысын арттырышы керек болсо, эркек аялын бапестеп багып, ага аяр мамиле жасай билүүсү кажет. ———————————————————— Аялы күйөөсүнүн атынан айтчу эмес. Илгери кыз бала келин болуп келгенден тарта жолдошун атынан атабай, "байым", "кожоюн", "абышка", "жанагы", "от ээси", "атасы" деп тергеген. ———————————————————— Сиздер жолдошунузду атынан айтасыздарбы????????