НАЗИРА БЕРДИГУЛОВА
@naziraberdigulova_official
НАЗИРА БЕРДИГУЛОВА

Подписчики: 203200
Посты: 423
Подписки: 926
Воспитываю будущих миллионеров✨ ⠀ 🎤Телеведущая, журналист, актриса 🇰🇬Отличник культуры КР ⠀ 📲Сотрудничество (0703) 87 04 07
http://wa.me/996777870407


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
1754   58
17.04.2020
Көптөгөн адамдар жакшы-жаман сөздүн башкаларга кандай таасир берерине маани бере беришпейт. Чындыгында, жакшы сөз менен бирөөнү бактылуу, а жаман сөз менен бактысыз кылууга болот.Ал эми жаман сөз кол менен, же таяк менен ургандан да катуу азап берет. Ошондуктан эл оозундагы «Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет» деген сөз бекеринен айтылган эмес. 🙏🏼🙏🏼Алла Таала жакшы сөз менен жаман сөздү Ыйык Курандагы «Ибрахим» сурөсүнүн 24-26 аяттарында төмөнкүчө салыштырып баяндаган: «Алла жакшы сөздү жакшы дарак сыяктуу деп кантип мисал келтиргенин көрбөдүңбү? Анын тамыры бекем, бутактары асманда» (24), «Ар дайым Алланын уруксаты менен мөмө- жемишин берип турат. Алла адамдарга мисалдарды келтирет, мүмкүн алар (Аны) эстеп зикир кылышаар» (25), «(Ал эми) жаман сөз жаман дарак сыяктуу экенине мисал болот. Тамыры жерден жулунган, туруктуу орду жок» (26). Ибрахим сүрөсү, 24-26. 🙌🏻🙌🏻🙌🏻🙌🏻🙌🏻🙌🏻🙌🏻🙌🏻🙌🏻 жакшы создор гана айтылып жана жазылып турсун.