452 5
25.12.2019
Батанын башы, бул бала үчүн ата-энеден алган бата. Ата-Эне баланы мүлдө жан-жаратылышка, анын Бийик Ээсине жалгап турган жападан-жалгыз көпүрө сыңар. "Ата-Эненин артында Кудай турат" деген кыргыздын кыраа сөзү ушул. Чоң Кудайдан кийинки эле, Кудай-Ата-Эне. Бул тууралуу Ак Бата да: "Атам" деп жадында жүргөн жанды,
Аркы дүйнөдө Теңирим колдосун. "Энем" деп эсинде түйгөн жанды,
Эки дүйнөдө Эгем колдосун,- - деп мындай жанга батанын эң бийигин-ыйыгын ыроологон. Батанын да батасы, бул-Элдин батасы. Элдин батасын алган азамат Ата-Энеден артылып барып Эл Уулуна айланган жан. "Баталуу эр арыбас, батасыз эр жарыбас" деген макалдын, не, "Ата-Эненин эле уулу болбой, Элдин уулу бол" деген алкыштын да мааниси ушул. Ал эми Ак Батанын тилеги бу: Бир үйдүн баласы болбо,
Миң үйдүн санаасы бол.
Бир элдин Атасы болбо,
Миң элдин Даанасы бол.