Bishkek, Kyrgyzstan
Апа туулган кунунуз менен, ар дайым торубуздун корку болуп, аман болунуз. Мен бул уй булого келгени келиндей эмес, оз кызыныздай мамиле жасап, жакшы созунузду, акыл-насаатынызды, кеп-кенешинизди айтып, дайыма бизге жолок болуп келесиз. Жаратканым сизге жакшылыгын аябасын. "Жакшы тилек, жарым ырыс" дегендей кудай буйруса тун неберениз Нурэлдин ак тоюнда келинизге ак жоолук салып, биздин жакшылыгыбызды атам экоонуздор тен болушуп журунуздор. Мен да балдарыма сиздей акылдуу, мээримдуу кайнене болууну насип этсин...
Сиздин келиндеринизге болгон камкор, жылуу, токтоо жана сый мамилениз бизди дайыма далыга таптап туздоп, ата энеге деген урматыбызды арттырат.