Алма-Ата / Алматы / Almaty
Өткөн ишке өкүнгөндө не пайда,
Өмүр деген ушул экен жалганда.
Биз адамбыз жашап жашап өтөбүз,
Бул турмушта сыйлашалы кел анда.
Жашоо мага жарык нурун тартуула,
Эч болбосун кайгы капа турмушта.
Көңүл калып таарынычтар болбосун,
Биз жашайлы дайым күлүп жаркырап.
Адам деген атка татыктуу болуп,
Абийир намыс курч сөздөргө бек болуп.
Биз жашайлы дүйнө жүзүн суктаныткан,
Бири бизге душман эмес чеп болуп.
Урмат сыйдын уулу кичуусун билип,
Ушул күнгө шүгүр айтып жүрөлүк.
Бул өмүрдүн ак карасын биз иргеп,
Биз жашайлы адам болуп өмүрдө.
Автор Бактыяр Муратбеков..